Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

УКМК микрокредиттик компанияларды текшере баштады


Коллаж
Коллаж

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кардарлардын арызынын негизинде бир нече ири микрокредиттик компаниялардын ишин текшерип жатканын ырастады. Мунун алдында бир нече финансылык мекемелер тинтүүгө алынып, кеңселерине мөөр басылганы кабарланган.

Атайын кызмат буга насыя берүүдө үстөк пайыздардын ченеми сакталбаганы, насыялоо жол-жоболору бузулганы жана салык жашыруу учурлары себеп болгонун билдирүүдө.

Текшерүүнүн төркүнү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшерүү жөнүндө түшүндүрмө берип, аларда үч багыт мыйзам бузуу фактылары такталганын кабарлады.

УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

“Карыз алуучулардан түшкөн даттанууларга байланыштуу ири микрокредиттик уюмдардын иши төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алынууда. Анын ичинде жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбаганы (жылдык 33% көп эмес), жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулганы (кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар) жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү фактылары бар”, – деп жазылган атайын кызматтын маалыматында.

УКМК жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертип, финансылык мекемелер дагы текшерилерин билдирүүдө.

Kaktus.Media басылмасы 18-сентябрда укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен "М Булак", "АБН", "Акча Булак", "Салым Финанс" сыяктуу микрокредиттик жана микрофинансылык уюмдар тинтүүгө алынып, кеңселерине мөөр басылганын жазган. Кийин ушул эле басылма алардын экөө – "Акча Булак", "Салым Финанс" текшерүүгө алынганы ырасталбаганын билдирип, алардан кечирим сураган.

Калган эки компаниянын бири “М Булак” текшерүү болгонун ырастап, билдирүү таратты:

"МБулак" компаниясынын кеңсеси. 18-сентябрь, 2024-жыл.
"МБулак" компаниясынын кеңсеси. 18-сентябрь, 2024-жыл.

“Микрофинансылоо боюнча алдыңкы компаниялардын бири катары, учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан компанияда текшерүү жүргүзүлүп жатканын тастыктайбыз. Биз мамлекеттик органдардын аракеттерин толук колдойбуз жана текшерүүнүн бардык этаптарында кызматташууга даярбыз. Компания ар дайым ачыктыктын, айкындуулуктун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун принциптерин карманат. Биз процедураны мыйзам чегинде бүтүрүү үчүн бардык зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө даярбыз”, – деп айтылат “М Булак” компаниясынын маалыматында.

Улуттук банк азырынча соңку фактылар боюнча комментарий берүүдөн карманууда. “Азаттык” байланышкан учурда мекеме өкүлдөрү тергөө иштериндеги деталдар менен тааныш эмес экенин билдирип, зарылдык жаралса жооп беришерин убада кылышты.

“Үстөк пайыздын ченеминен ашып кеткен учурлар бар”

  • Башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылгандай, банктардан башка формадагы каржы мекемелеринин 10 чакты түрү бар. Анын ичинде ушул күндөрү 10 микрофинансылык компания (МФК), 68 микрокредиттик компания (МКК) жана 34 микрокредиттик агенттик (МКА) иштеп жатат.


Мунун айрымдары мурда банк болуп, кийин лицензиясын тапшырып, аталган багытка кайтып келгендер, негизинен басымдуусу көп жылдан бери иш жүргүзөт. Бир тобу ири компаниялар болуп саналса, бир бөлүгү анча таанымал эмес.

Кыргызстандагы Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясынын аткаруучу директору Алишер Акбаралиев учурда чет өлкөдө жүргөнүн айтып, компаниялар кайсы фактылар боюнча текшерилип жатканынан кабары жоктугун билдирди:

Алишер Акбаралиев
Алишер Акбаралиев

“Биз деле текшерүүлөр тууралуу элге окшоп интернеттен окуп, билдик. Азыр укук коргоо органдары же тиешелүү компаниялар маалымат берише элек. Улуттук банк менен сүйлөшөлү десек, аларда да маалымат жок экен. Биз бир сыйра чогулуп, тактаган соң билдирүү жасап, комментарий беребиз”.

Атайын кызмат соңку үч жылдан бери коррупцияга каршы күрөштүн жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун алкагында бизнес чөйрөнүн ар кайсы тармактарында ири компанияларды текшерди. Анын ичинде өндүрүш, айыл чарба, курулуш жана башка тармактардагы ишканалар, заводдор жана фабрикалар да текшерилди.

Аларга көбүнчө кош эсеп жүргүзүү менен салык жашыруу боюнча айыптар тагылып, айрым компаниялардын жетекчилери камалган учурлар болгон. Эми текшерүү кезеги финансы мекемелерине жеткен өңдүү.

Арийне, коомчулукта буга чейин эле микрофинансылык мекемелерге “насыянын үстөк пайыздарын көбөйтөт” деген сыяктуу даттануулар болуп келген. Бир нече жыл мурда ал тургай насыя алып төлөй албай калгандар Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда буга байланыштуу ири нааразылыктарды өткөргөнү да белгилүү.

Экономист жана финансист Кубан Чороев буларга токтолду:

Кубан Чороев
Кубан Чороев

“Ар бир нерсенин эки тарабы болот. Биз билгенден көп маселелерде насыя алуучулардын арыздары болсо Улуттук банк өзүнүн мандатынын чегинде, мыйзам жол берген шартта карап келчү. Анткени аларда көзөмөлдүк жана чара көрүү укугу бар эмеспи. Бирок банктарда жана микрокредиттик компанияларда насыялоо канчалык ачык-айкын жүргүзүлүп жатканында чынында эле маселе бар. Мисалы, кыргыз тилдүү кардарга орусча келишим түзүп койгон, же келишимге шарттар майда тамгалар жазылып калган учурлар жок эмес. Үстөк пайыздарды коюуда кардарды аргасыз абалга кептеген жагдайлар бар. Мен билгенден көбүнчө насыясын төлөй албай, үйлөрүнөн же башка мүлктөрүнөн ажырап, адилетсиздикке кабылган адамдар арыз жазышчу. Балким компаниялар насыя берүүдө ошол эле Улуттук банк койгон үстөк пайыздын чегинен чыгып кеткендир. Териштирүүлөр мына ушундай фактыларга байланыштуу болушу мүмкүн”.

Адатта коммерциялык банктардын насыялары түрүнө жараша үстөк пайыздары 12 пайыздан 23 пайызга чейин жетсе, чакан компаниялар банктардан насыя алып, кайра насыялоо жүргүзгөнү үчүн үстөк пайыздары 33% чейин жетет. Бирок УКМКнын маалыматында Улуттук банк бекиткен бул чектен да ашып кеткен компаниялар бар экени айтылатю

2022-жылы Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу бир катар санкциялар салынып, ал Кыргызстандын финансы рыногуна да таасир эткен. Бир жагынан акча которууларга чектөөлөр кирсе, экинчи жагынан кыргыз банктарынын кирешелери өскөн.

Улуттук банктын сайтында 2023-жылдын алты айында Кыргызстандын банктары 12 млрд сом тапса, 2024-жылы бул убакта 14 млрд млрд сом тапкан. Мекеменин сайтында микрокредиттик компаниялардын кирешеси тууралуу маалыматтарды таба алган жокпуз.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG