Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Казакстандын мурдагы ИИМ министри беш жылга шартуу кесилди


Ерлан Тургумбаев.
Ерлан Тургумбаев.

Астана райондор аралык соту Казакстандын мурдагы ички иштер министри Ерлан Тургумбаевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө беш жылга эркинен ажыратты.

Сот чечимине ылайык, экс-министрге 10 жылга мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынып, президентке аны наамдарынан жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу сунушу жөнөтүлдү.

Мамлекеттик айыптоочу Тургумбаевди беш жылга эркинен ажыратууну суранган. Судья экс-министр “күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөнүн билдиргенин” эске алып, шарттуу мөөнөт чегерди.

Казакстандын ички иштер министри кызматынан 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин алынган Ерлан Тургумбаев ошол эле жылы апрелде “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шектелип кармалган.

Анда өлкөнүн Башкы прокуратурасы кылмыш ишинде “мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтар бар экенин” белгилеп, тергөөнүн башка маалыматтары ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG