Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Орусия Курск облусундагы чабуулдун мизин кайтарганын маалымдады


Орусиянын Курск облусуна жасалган чабуулдан талкаланган турак жай.
Орусиянын Курск облусуна жасалган чабуулдан талкаланган турак жай.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусунун Сужа жана Коренево райондоруна жасалган чабуулдун мизин кайтарганын билдирди.

8-августта тараткан билдирүүсүндө министрлик "Түндүк" аскердик отряды жана чек ара аскерлери украин күчтөрүнүн алдыга жылуу аракеттерине тоскоолдук жаратканын маалымдады.

Ага чейин министрлик Курск облусунда беш ракета жана алты дронду, Белгород облусунда 14 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн кабарлаган. Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков украин күчтөрүнүн аткылоосунан бир киши мүрт кетип, дагы бири жараат алганын жазды.

7-августта Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Алексей Смирнов аймакка өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Орусиянын мурдагы президенти, учурда Коопсуздук кеңешинин төрагасы орун басары Дмитрий Медведев орус армиясын Украинанын аймактарына терең кирип барууга чакырды.

Украина менен чек арага жакын жайгашкан Курск облусуна 6-августтун таңында чабуул жасалган. Ошондон бери салгылашуу уланууда. Айрым Телеграм-каналдар украин армиясы бир нече кыштакты ээлегенин жазышты. Орусиянын коргоо министри украин күчтөрү 300дөй аскер, ондон көп танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлады. Президент Владимир Путин Киевди “масштабдуу чагымчылдык” үчүн айыптады. Ал эми украин бийлиги Курскиде болуп жаткан окуялар тууралуу үн ката элек.

XS
SM
MD
LG