Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Париж-2024: Бекзат Алмаз уулу чейрек финалга чыкты


Бекзат Алмаз уулу.
Бекзат Алмаз уулу.

Париж Олимпиадасында бүгүн эркин күрөштөн таймаштар өтүп жатат.

57 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу алгачкы беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Чейрек финалда АКШ балбаны Спенсер Ричард Ли менен күрөшөт.

Мейрамбек Картбай 26 жашта. Азия чемпионатынын коло медалынын ээси.

24 жаштагы эркин күрөш балбаны Бекзат Алмаз уулу, алгач ирет Олимпиадага катышып жатат. Бекзат Бишкекте өткөн Азия чөлкөмүнөн Олимпиадага тандоо мелдешинде жеңүүчү болуп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды (2024-жыл, апрель). 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатынын алтын (2023-ж.) жана күмүш байгелеринин ээси (2022-ж.). 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында (U23) эки жолу коло байге уткан (2022,2023).

Бекзат Алмаз уулу: “Элимдин колдоосу дем берет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:31 0:00

Учурда Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасынын бир күмүш, үч коло медалы бар. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. Коло байгелерди грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков утушту. Бир күмүш, үч коло медалы менен Кыргызстан 71 өлкөнүн арасынан 58-орунда баратат.

Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган. Грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов 8-августта коло байге үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен беттешет. Күрөштүн түрлөрүнөн 8-августка белгиленген жарым финалдык жана финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Ал эми мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокстон мелдештин жарым финалына чыккан. Ал, 9-августка караган түнү болгариялык Хавьер Ибаньес Дияс менен беттешет.

Оюндар 12-августка чейин уланат. Алдыда балбандар Айсулуу Тыныбекова, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Айаал Лазарев жана марафончу Сардана Трофимова мелдештерге катышат. (GT)

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG