Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

ТИМ Британиядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырды


Ротерхэм шаары. 4-август, 2024-жыл
Ротерхэм шаары. 4-август, 2024-жыл

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-августта маалымдагандай, Кыргызстандын Британиядагы элчилиги абалдын курчушунан улам кыргыз жарандарын сак болууга, күчөтүлгөн коопсуздук чараларын сактоого жана эл көп чогулган жерлерге баруудан карманууга чакырды.

Элчилик кыргызстандыктарды Британиянын Ротерхэм, Болтон, Блэкпул, Халл, Бристоль, Сток-он-Трент, Белфаст, ошондой эле Манчестердин жана Ливерпуль шаарларынын аймактарындагы абал турукташканга чейин аталган шаарларга баруудан карманууну сунуштады.

Улуу Британияда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же кеңеш сурап, элчиликтин +44 7341 185777 (WhatsApp) номуруна кайрыла алышары кошумчаланган.

Улуу Британияда бир апта мурда Ливерпулдун чет жакасында балдардын бий студиясына жасалган кол салуудан кийин башталган башаламандык токтобой, улам жаңы шаарларга жайылып жатканы кабарланган.

Ливерпуль, Бристоль, Манчестер, Түндүк Ирландиядагы Белфастта ашынган оңчулдар башкалка сураган качкындар жашаган жатакананы өрттөшкөн, бир нече имаратты, машиналарды талкалашкан.

Бир нече жерде кафе, дүкөндөр талап-тоноолорго туш болду. Ливерпулда китепкана өрттөнүп кетти. Ондогон полиция жараат алды.

29-июлда Саутпорт шаарындагы бий клубуна кол салуу болуп, үч кыз өлтүрүлгөн. Ошондон кийин Англиянын борборунда жана түндүгүндө бир нече шаарда мигранттарга каршы акциялар башталган. Кол салууга шектелип Бэнкс шаарынын 17 жаштагы тургуну кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG