Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Орусияда улутчулдардын катышуусунда мигранттарга каршы рейд жүргүзүлдү


Москвада кармалган мигранттар. Архивдеги сүрөт.
Москвада кармалган мигранттар. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын бир катар аймактарында мигранттарга каршы ири рейддер жанданды. Алардын айрымдарына улутчул кыймылдардын да өкүлдөрү катышып жатат. Самара облусунда Ички иштер министрлиги, Росгвардия жана атайын багыттагы отряддын өкүлдөрү биргеликте негизинен мигранттар эмгектенген курулуш, базарларды жана алар жашаган жатаканаларды текшеришти.

Орусияга кирүү жана мыйзам бузганы үчүн айрым мигранттарга протокол түзүлүп, кээ бирөөлөрүнө мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген негизде кылмыш иши козголду. Андан тышкары "Русская община" улутчулдар кыймылынын өкүлдөрү менен бирге өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө 20дан ашуун мигрант жатаканадан чыгарылып, полицияга жеткирилди.

Ушундай эле тинтүүлөр Калуга облусунун Обнинск шаарында жүргүзүлдү. Ал эми Сургутта полиция борбор азиялыктар иштеген дүкөнгө кирип барып, чет элдиктерди колун көтөрткөн бойдон автобустарга салып кетишти.

Орусияда март айында "Крокус Сити-Холлго" жасалган кол салуудан кийин мигранттарга каршы басым-кысым күч алды. 145 адамдын өмүрүн алган ал калабаны уюштурууга шек саналып теги борбор азиялыктар кармалган.

Июль айынын соңунда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жолугушуп, кыргыз мигранттарына карата текшерүүлөрдүн күчөшүнө тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG