Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:28

Кыргыз-тажик чек арасында күчү 4 баллдык жер титирөө болду


Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 8-август күнү, саат 13:12де катталды. Очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашып, күчү 4 баллды түздү. Ал Алай районундагы Нура айылынан 45, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым, ал эми Ош шаарынан 140 чакырым аралыкта орун алган.

Июнь-июль айларында Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында бир нече жолу күчү 3-4 баллды түзгөн жер силкинүүлөр катталган.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG