Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:24

Израил ХАМАСтын жаңы лидерин жок кыларын билдирди


ХАМАСтын саясий канатынын жаңы лидери Яхья Синвар.
ХАМАСтын саясий канатынын жаңы лидери Яхья Синвар.

Израил ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун саясий канатынын жаңы лидери Яхья Синварды жок кыларын билдирди.

ЦАХАЛдын башкы командачысы, генерал-лейтенант Герци Халеви "аны [Синварды] таап, жок кылууну" убада кылды.

"Франц-пресс" басылмасы ХАМАСтагы булактарына таянып жазгандай, Синвардын тандалышы уюм "каршылык көрсөтүүнү уланта берерин" айгинелейт.

Ливандагы "Хезболла" радикал уюму Синварды куттуктап, анын дайындалышы "душман өз максатына жетпегенин" көрсөтөрүн билдирди.

Талдоочулардын эсебинде, Синвар Ханияга караганда ок атышууну токтотуу макулдашуусун анча жактабайт жана Тегеранга ыктап турат.

ХАМАС террордук тобунун саясий лидери Исмаил Хания 30-июлда Тегеранга Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына барганда жок кылынган. Иран кол салууну Израилден көрдү. Тель-Авив расмий мойнуна алган жок.

6-августта ХАМАС Ханиянын ордуна Яхья Синварды дайындады.

Синвар - ХАМАС радикал уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2017-жылдан бери топтун Газадагы лидери деп саналат. Ага чейин үч ирет Израилдин түрмөсүндө жалпы 23 жылдай отурган. Синвар 2011-жылы палестиндер менен израилдердин ортосундагы туткундарды айырбаштоо боюнча жараяндын алкагында бошотулган. Ал ырайымсыздыгы үчүн “Хан-Юнистен чыккан касапчы” деген атка конгону айтылып келет.

Израил бийлиги Синварды 2023-жылдын 7-октябрдагы кол салуунун башкы уюштуруучусу деп эсептейт. Анда хамасчылар Израилге кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткен. ХАМАС радикал уюмун жок кылуу максатында ЦАХАЛ Газа тилкесинде аскердик операция баштаган. Соңку он айдын ичинде анклавдын Саламаттык сактоо башкармалагы билдиргендей, 39 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG