Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:03

ӨКМ Нарын, Ысык-Көл облустарындагы сел коркунучун эскертти


Нарын шаары. Архив сүрөт.
Нарын шаары. Архив сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-августтагы нөшөрлүү жамгырга байланыштуу Нарын, Ысык-Кол облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүп, дарыялар ташкындашы мүмкүн экенин эскертти.

ӨКМ жарандарды тоолорго саякаттоого, капчыгай, дарыя жээктеринде эс алууга барбай турууга чакырды.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Ошондой эле үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Акыркы сел 23-июлда Базар-Коргон районунун Арстанбап кыштагында болуп, бир канча үйдүн короосун каптап, автоунааларды агызып, жолду бузду. Июлда Ош шаарындагы сел беш кишини агызып кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG