Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жатаканасында аптапта суу өчүп калды. Жашоочулар 4-августтан тарта жарык да жок болот деген эскертүү берилип жатканын билдиришүүдө. Анда жашаган 60тай үй-бүлө ИИМ аларды ушундай жол менен жатаканадан чыгарууну көздөп жатканын айтып жатышат.
Министрлик аталган жатакана жаңылана турганын, жашоочулары убактылуу көчүп кетиши керектигин айтууда.