Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Париж-2024: Тажикстандык дзюдочу Самон Махмадбеков коло медал утту


Самон Махмадбеков.
Самон Махмадбеков.

Тажикстандык дзюдочу Самон Махмадбеков Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медал утту. Ал 81 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште италиялык Антонио Эспозитону утуп алды. Бул салмакта жапонилык Таканори Нагасе Олимпиада чемпиону болду. Күмүш медалды грузиялык Тато Григалашвили утса, дагы бир коло медалды түштүк кореялык Ли Жунхван жеңди.

Бул Тажикстандын Олимпиада оюндарынан алган бешинчи медалы болду. Буга чейин тажик спортчулары Бээжин-2008 Олимпиадасынын эркин күрөштөн бир күмүш, дзюдодон бир коло, Лондон-2012 Олимпиадасынан бокстан бир коло жана Рио-де-Жанейро-2016 Олимпиадасында жеңил атлетиканын салмоор таш ыргытуу түрүнөн алтын медал менен кайткан.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына Тажикстандан 14 спортчу катышууда.

Буга чейин Казакстан курамасы дзюдодон бир алтын, бир коло медал, Өзбекстан бир алтын медал алган.

Кыргызстандан дзюдо боюнча мелдештерге эки спортчуга жолдомо берилген. 66 килограмм салмакта күрөшкөн Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилип, мелдештен четтеди. Дагы бир кыргыз дзюдочусу Эрлан Шеров бүгүн, 31-июлда 90 килограммга чейинки салмакта мелдешке чыгат.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" " Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.(GT)

XS
SM
MD
LG