Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Париж-2024: Эрлан Шеров мелдешке чыгат


Эрлан Шеров машыктыруучусу менен.
Эрлан Шеров машыктыруучусу менен.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 31-июлда дзюдочу Эрлан Шеров мелдешке чыгат. Ал 90 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва Моралис болмокчу.

Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Эрлан Шеров кыргыз дзюдосунун тарыхында дүйнө чемпионатынан коло медалын утуп, Азия оюндарынын чемпиону болгон алгачкы дзюдочу. Ал акыркы эки жылда Дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло (2024-жыл.), Азия оюндарынан алтын (2023-жыл), Улан-Батордогу “Чоң шлем” мелдешинде күмүш (2023-жыл), Парижде өткөн “Чоң шлем” мелдешинде коло (2024-ж.) медалдарды уткан.

Эрлан Шеров: “Кыргыз дзюдосунун жаңы барагын ачкым келет”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Учурда Шеров Эл аралык дзюдо федерациясынын (IJF) рейтингинде өз салмагында дүйнөдөгү 400 балбандын ичинен төртүнчү орунда турат. Анын атаандашы Иван Фелипе Силва Моралис бул тизмеде 10-орунда турат.

Силва Моралис Панамериканын беш жолку чемпиону жана Панамерика оюндарын үч жолу уткан. Жыл башында Австрия гран-при мелдешинде алтын, Анталияда өткөн Чоң шлем мелдешинде коло медаль уткан.

Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашуун спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медаль ойнотулат. Ушуну менен Париж үчүнчү ирет Олимпиада өткөргөнү жатат. Бул шаарда Олимп оюндары 1900-жылы жана 1924-жылы болгон.

Кыргызстандан бул олимпиада оюндарына спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышат. Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" " Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз. (GT)

XS
SM
MD
LG