Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Париж-2024: Өзбекстанга биринчи алтын медалды Диёра Келдиёрова утуп берди


Олимпиада чемпиону Диёра Келдиёрова
Олимпиада чемпиону Диёра Келдиёрова

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жекшембиде өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова (52 кг чейинки салмакта) алтын медал утту.

Анын биринчи атаандашы Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, жапониялык Ута Абэ болду. Соңку беш жылдагы эл аралык ири мелдештерде бир да жолу жеңилбеген жапон дзюдочусу Келдиёровага утулуп калды. Бул Париж Олимпиадасындагы Өзбекстандын биринчи медалы.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына Өзбекстандан 90 спортчу катышууда.

Казакстандык дзюдочу Гусман Кыргызбаев 66 кг салмакта коло медал жеңип алды.
Казакстандык дзюдочу Гусман Кыргызбаев 66 кг салмакта коло медал жеңип алды.

Жекшембидеги оюндарда казакстандык дзюдочу Гусман Кыргызбаев (66 кг) коло медал жеңип алды. 32 жаштагы казак балбаны дзюдо боюнча 66 кг салмактагылар арасында фаворит саналган Түштүк Корея спортчусу Ан Ва Уляны, франциялык Валид Хярды жеңди.

Буга чейин Казакстан курамасы мелдештин биринчи күнүндө бир алтын, бир коло медал уткан. Алтын медалды дагы дзюдочу Элдос Сметов 60 килограмм салмакта утуп алган.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат. Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат (AbA).

XS
SM
MD
LG