Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Париж-2024: дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу мелдешке чыгат


Кубанычбек Айбек уулу.
Кубанычбек Айбек уулу.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 28-июлда дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу мелдешке чыгат. Ал 66 килограммга чейинки салмакта күрөшөт. Анын алгачкы атаандашы украиналык Богдан Ядов болмокчу.

Дзюдо боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

Кубанычбек Айбек уулу 23 жашта. Олимпиада оюндарына алгач ирет катышып жатат. Ал дүйнөдөгү эң абройлуу мелдештердин бири саналган Tbilisi Grand Slam мелдешинде алтын медал уткан (2023-жыл). Чоңдор арасында Азия жана Океания чемпионатында (2021-жылы) коло тагынган. Дзюдо боюнча жаштар арасында Азия жана Океания чемпионатынын, Азия Кубогунун жана Европа кубогунун күмүш медалдарына ээ болгон. Жаштар арасында Азия чемпиону (2018-жыл).

Кубанычбек Айбек уулу: "Элим үчүн олимпиаданын алтын медалын уткум келет"
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Анын атандашы украиналык балбан Богдан Ядов 2023-жылы Париж Grand Slam мелдешинде алтын медал алган. Будапешт Grand Slam (2018-жыл), Баку Grand Slam (2019-жыл), Абу-Даби Grand Slam (2021-жыл), Тель-Авив Grand Slam (2022-жыл), Tbilisi Grand Slam (2023-жыл) мелдештеринде коло байгелерди уткан.

26-июлда башталган Париждеги Олимпиада оюндары 16 күнгө созулат. Мында 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу мелдешке чыгат. Жалпы 329 комплект медал ойнотулат.

Мелдештин биринчи күнүндө Австралия курамасы үч алтын, эки күмүш утуп, мелдеш жадыбалында биринчи орунга чыкты. Кытай курамасынын спортчулары эки алтын, бир коло медал утушуп, экинчи сапта. АКШ бир алтын, эки күмүш, эки коло медал утуп үчүнчү орунда. Казакстан курамасы мелдештин биринчи күнүндө бир алтын, бир коло медал утуп, 6-орунга жайгашты. Алтын медалды дзюдочу Элдос Сметов 60 килограмм салмакта утуп алды.

Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 16 спортчу катышып жатат. Оюндардын биринчи күнүндө суучул Денис Петрашов жарышка чыгып, 23-орунду ээледи.(GT)

XS
SM
MD
LG