Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Жалал-Абад маданият техникумунун директору паракорлукка шектелип кармалды


Жалал-Абад маданият техникуму
Жалал-Абад маданият техникуму

Жалал-Абад маданият техникумунун директору абитуриенттерден пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

26-июлда таратылган расмий кабарга ылайык, ал абитуриенттерди техникумга киргизүү үчүн акча талап кылганы белгиленген. Ыкчам иликтөө маалында шектүү пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Директордун үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен иш козголду. Шектүү УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жалал-Абаддагы маданият техникумун 1994-жылдан бери жетектеп жүргөн 67 жаштагы Абжалил Таштанов өткөн жылы жумуштан кетип, кайра соттон утуп, жетекчилик кызматына келген.

УКМК тараткан билдирүүдө шектүүнүн аты-жөнү Т.А.Ж. деп берилген.

Transparency International эл аралык уюму коррупциянын деңгээли тууралуу апрелдеги баяндамасында Кыргызстан 100 баллдан 26 упай алган жана 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга илинген. (SE)

XS
SM
MD
LG