Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:27

Өрнөктөгү кырсык: оор абалда жаткан бала да каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылындагы жол кырсыгына кабылып, ооруканада оор абалда жаткан бала каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Жибек Жайлымышова билдирди. 17-июлдагы жол кырсыгына кабылган "Тойота Авенсис" унаасында бараткан алты кишинин баары набыт болду.

Бул жол кырсыгында Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси (68 жашта) жана алардын тогуз жаштагы небереси (эгиздин түгөйү) ошол жерде каза тапкан. Милициянын маалыматына караганда, алар түшкөн "Тойота-Авенсис" машинесинде жубайлар жана алардын төрт небереси болгон.

Үч бала оор абалда ооруканага жеткирилип, ошол түнү 9 жаштагы эгиздин түгөйү, эртеси күнү 14 жаштагы өспүрүм каза болгон.

Милиция кырсык "Тойота" автоунаасы кайрылып жатканда "Мерседес-Бенц-210" машинеси сүзүп кеткенин, аны 20 жаштагы айдоочу башкарып баратканын билдирген.

"Мерседестеги" эки киши жараат алып, Ысык-Көл райондук ооруканасына жаткырылган.

Ички иштер министрлиги быйыл төрт айда Кыргызстанда жол кырсыктары 4% көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, бул аралыкта 1200гө жакын жол кырсыгы 80ден ашуун адамдын өмүрүн кыйды. Былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгында 783 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG