Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Ысык-Көлдө катер сүзүп кеткен киши каза болду


Ысык-Көл жээги. Архив.
Ысык-Көл жээги. Архив.

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында сууга түшүп жаткан кишини катер сүзүп кетип, ал ооруканада каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 15-июлда саат кечки 6дан өткөндө болгон. Балыкчы шаарынын 1982-жылы туулган тургуну кырсыктан оор жараат алып, ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. 16-июнда жаран өзүнө келбей каза болгон.

Факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Териштирүүдө катерди 18 жаштагы жаран башкарып бара жатканы ырасталган. Аны жоопко тартуу боюнча чечим жүргүзүлгөн экпертизанын жыйынтыгы менен кабыл алынат.

Учурда бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келүү") жана 311-беренеси ("Жол кыймылынын жана эксплуатациялоо коопсуздугунун эрежелерин бузуу, темир жол, аба же суу транспорту") менен кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда сууда өлүм менен аяктаган кырсыктар утур-утур катталып келет. Былтыр да Ысык-Көлдө суу катери сүзгөн эки киши каза тапкан. Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тапшырма берген. (AsK)

XS
SM
MD
LG