Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Беларус Европанын 35 өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизди


Беларустун Польша менен чек арасы.
Беларустун Польша менен чек арасы.

Беларус Европанын 35 өлкөсүнүн жарандарына визасыз режим киргизди. Өлкөнүн Мамлекеттик чек ара комитети бул тууралуу 17-июлда маалымдады.

19-июлдан тартып Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин, Улуу Британиянын, Норвегиянын, Швейцариянын жана Балкан өлкөлөрүнүн жарандары Беларуста 30 күнгө чейинки мөөнөттө визасыз жүрө алышат.

Мындай чечимди өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенко кубаттаганы белгиленди.

Беларус менен союздаш, ортодогу чек арасына өткөрмө бекет коюлбаган Орусия расмий Минскинин мындай чечими боюнча азырынча комментарий бере элек.

Латвия, Литва жана Польша жарандарына Беларуска визасиз кирүүгө уруксат 2022-жылы берилген.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген кишилер кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат. (RK)

XS
SM
MD
LG