Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:33

Акыйкатчы институту Оштогу селден жети бала жетим калганын билдирди


Акыйкатчы институту Ош облусундагы сел кырсыгынан каза болгон келиндин жети баласы жетим калганын, алардын алтоо жашы жете элек балдар экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, институттун Оштогу өкүлчүлүгү селден каза болгондордун жакындарына жолугушкан жана аларга укуктук, юридикалык жардам көрсөтүлүүдө.

Маалыматта акыйкатчы Жамиля Жаманбаева каза болгондордун жакындарына көңүл айтканы, институттун жамааты бир күндүк эмгек акысын селден жабыр тарткандарга которо турганы жазылган.

“Акыйкатчы институтунун кызматкерлери селден жабыркап, үй-мүлксүз калган жарандар менен да жолугушту. Аларга укуктук кеп-кеңештер берилип, мамлекеттен кандай жардам алуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

14-июлда катуу жаандан кийинки селден Ак-Буура дарыясы ташкындап, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жекшембиде сел агызып кеткен аялдын сөөгү 16-июлда Өзбекстандын Анжиян шаарындагы сайдан табылганын билдирген. Каза болгон аялды Ош шаарынын борбордук базарынан сел агызып кеткен.

Буга чейин Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайында жүргөндө селге агып кеткен төрт кишинин сөөгү табылып, туулган жери - Оштун Он-Адыр кичи районунда жерге берилген. Төртөө тең бир үй-бүлөдөн - 44 жаштагы келин жана анын 6, 10, 19 жаштагы кыздары.

Президент Садыр Жапаров 17-июлда "Кабар" агентигине курган маегинде селден жабыркагандарга мамлекет жардам көрсөтөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG