Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Сот президент Жапаровдун иниси кайра кармалганын ырастады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Ж.У.Р аттуу шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын өтүнүчү менен 19-августка чейин камакка алынганын ырастады.

Соттун 17-июлдагы маалыматына караганда Ж.У.Р Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесине (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган. Жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылат.

2023-жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган аталаш иниси Улан Жапаров үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылдын июль айында камалган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин тастыктаган.

Президент Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандар жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан.

Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес. 32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири.

Буга чейин Kаktus.media басылмасы күч органдарындагы булактарга таянып, президент Садыр Жапаровдун иниси кайра кармалганын жазып чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG