Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Быйыл алты айда Кыргызстанда 46 адам сууга чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Бостери айылында көл жээкте эс алып жүргөн 18 жаштагы адам сууга чөгүп каза болду. Маалыматты "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициясы тастыктады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, быйыл алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.

Июлдун башында Ысык-Көлдө сууга сүзүп жатып, 11 жаштагы кыз чөгүп кеткени соцтармактарга жарыяланды.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (AsK)

XS
SM
MD
LG