Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

AFP: Израил Газага жерден, абадан жана деңизден сокку урууда


Газа.
Газа.

Израил Газадагы соккуларын жерден да, абадан жана деңизден да улантып жатканын, ал эми ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) ортомчулардын тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн чыгарын жарыялаганын бүгүн 15-июлда France-Presse (AFP) агенттиги билдирди.

Газа шаарынын Тал-эл-Хава, Шейх-Ажлин жана ал-Сабр кварталдарына снаряд түшкөнү, Израил аскерлери сектордун борбордук бөлүгүндөгү Нусейрат качкындар лагеринин түндүк четиндеги ал-Муграка шаарын да бутага алганы кабарланды.

Ыктыярчылар сектордун борборундагы ал-Магази качкындар лагерине жасалган авиа чабуулдан кийин уранды алдынан беш кишинин сөөгүн алып чыгышканы, алардын үчөө балдар экени, ал эми Хан-Юнис шаарындагы качкындар лагери тик учактан, түштүк тилкедеги Рафах шаары жерден жана Apache тик учактарынан аткыланганы маалымдалды.

Израил ХАМАСка каршы чабуулдарын улантып жатканын, Рафахта жана сектордун борбордук бөлүгүндө “бир нече согушкер” жок кылынганын билдирди.

Газада Израилдин 14-июлдагы чабуулдарынан кеминде 17 палестин жай тургунунун өмүрү кыйылганын, 50дөй киши жараат алганын жекшемби күнү анклавдын ХАМАС тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирген. Ишембиде 90дой киши каза болгону кабарланган.

Израил 13-июлдагы чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирген. ХАМАС Дейф тирүү экенин айтууда.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

АКШ президенти Жо Байден 11-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын администрациясы Газадагы атышууну токтотуу келишими боюнча «прогресске жетишип жатканын» айткан.

Бирок, «Би-Би-Синин» соңку маалыматына караганда, кезектеги сүйлөшүүлөр 12-июлда эч жыйынтыксыз аяктады.

  • Газадагы азыркы согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.
  • Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды, дагы 88 миңдей киши жараат алды. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG