Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Эстония премьер-министри кызматтан кетти, ал ЕБ дипломатиясына башчы болуп барат


Кая Каллас.
Кая Каллас.

Эстониянын премьер-министри Кая Каллас бүгүн 15-июлда кызматын тапшырды. Анын талапкерлиги Европа Биримдигинин тышкы саясий мекемесинин башчысы кызматына көрсөтүлгөн. Калластын талапкерлиги Европарламентте каралат, серепчилер белгилегендей, ал жакта Еврокомиссиянын жаңы курамын беките турган коалицияда добуш жетиштүү.

Эстонияда жаңы өкмөт куралганга чейин Каллас премьер-министрдин милдетин аткарып турат. Бул өлкөнүн башкаруучу коалициясында эч кандай өзгөрүү болбой турганы, жаңы өкмөт башчылыкка талапкерди Калластын либералдуу Реформалар партиясы көрсөтөрү, ал Кристен Михал аттуу саясатчы болору болжолдонууда.

Кая Каллас премьер-министр болуп 2021-жылы дайындалган. Андан бери өкмөттүн курамы да, башкаруучу коалиция да бир нече жолу өзгөрдү – Реформалар партиясына түрдүү саясий күчтөр өнөктөш болду.

Каллас – Орусияны Украинага кол салганы үчүн айыптап келаткан саясатчылардын бири. Эстония Балтиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле Украинага аскердик да, башка да тийиштүү колдоосун көрсөтүп келе жатат. Бирок 2023-жылы эстониялык журналисттер Калластын күйөөсү Арво Халликтин компаниясы Орусияга Украинадагы согуш башталгандан кийин да товар жөнөтүүсүн уланта бергенин жазып чыгышкан. Каллас компаниянын ишмердигине эч кандай тиешеси жоктугун айтып, отставкага кетүүдөн баш тарткан.

Эстониянын Коопсуздук полициясы санкциялык режим бузулбаганын, Халликтин ишмердигине доомат артуу үчүн мыйзамдуу негиз жок экенин билдирген. Ишкер өзү компаниядагы акцияларынан баш тартып, кызматтан кетерин айткан.

Евробиримдиктин тышкы саясат маселелери боюнча жогорку өкүлү кызматын 2019-жылдан бери Жозеп Боррел аркалап келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG