Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Украина Орусия чабуулун улантканын билдирди, Зеленский "душман жеңилерин" айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украина 15-июлдун таңында Херсон облусу Орусиянын кезектеги чабуулуна кабылганын билдирди. Облустук администрациянын маалыматына караганда, сокку учкучсуз согуштук учак менен урулду, эки жергиликтүү тургун – 71 жаштагы эркек жана 70 жаштагы аял оор жараат алды.

Фронт тилкесинде соңку сутка ичинде 114 жолу кагылышуу болгонун, жердеги чабуулдар бомбалоочу авиациянын соккулары менен коштолгонун Украинанын Башкы штабы билдирди.

Орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы чакан кыштактардын бири Урожайноени ээлеп алганын орус Коргоо министрлигинин 14-июлда билдирген.

Украинада бүгүн жүрүп жаткан согуш өлкөнүн көз каранды эместиги үчүн, кийинки муундарга өткөрүлүп бериле турган эгемендик үчүн күрөш экенин бүгүн 15-июлда Мамлекеттүүлүк күнүнө карата кайрылуусунда өлкө президенти Владимир Зеленский айтты.

«Биз Украина басып өткөн жолду эстеп, бардык күчүбүздү Украина жеңүүгө тийиш болгон кармашка буруп жатабыз», - деди Зеленский.

Ал Украина кылымдар бою «эч нерсеге карабастан өзүн сактап келе жатканын» белгиледи жана «Биздин жерге кандай гана баскынчылар келбесин, Украина ар дайым туруштук берүүгө гана эмес, бизди жамандыктан коргоп келаткан нерсени сактап калууга күч-кубат таба алат», - деп айтты.

«Биз адам деп да атоого болбой турган, чыныгы христианчылыктан таптакыр алыс болгон коркунучтуу душманга каршы күрөшүп жатабыз. Анын маңызы – уранды жана өлүм, биз аны жеңебиз. Украина акыл-эстен тайган өзүмчүлдүк үчүн кан төгүп жаткан каарга баш ийбейт», - деди Зеленский.

Украинанын Православ чиркөөсү Жаңы Юлиан календарына, ал эми украин грек-католик чиркөөсү Григориан календарына өткөндүгүнө байланыштуу быйыл Мамлекеттүүлүк күнү 15-июлда белгиленүүдө. Зеленский бул майрамды 2022-жылы бекиткен.

Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында ачкан согушун "атайын аскердик операция" деп атаган жана анын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG