Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Акылбек Жапаров Ошто селден жабыркаган соодагерлер менен жолукту


Сүрөт интернеттеги видеодон алынды. 15-июль, 2024. Ош шаары.
Сүрөт интернеттеги видеодон алынды. 15-июль, 2024. Ош шаары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июлда Ош шаарында селдин кесепеттери менен таанышып, жабыркаган соодагерлер менен жолугууда. Алардын айрымдары товарларынын дээрлик бардыгын сел азыгып кеткенин айтышып, өкмөттөн жардам сурашты. Жапаров алгач комиссия түзүлүп, зыяндар такталарын, жардам ошого жараша чечилерин билдирди.

"Колунда жокторго жардам беребиз", - деди Жапаров.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белиндеги айылдарды суу, топон каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жекшембидеги селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан.

Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Маалыматка караганда, борбордук базардагы 842 контейнердин 785ин суу каптаган. Ош шаардык мэриясы маалыматтар дагы такталып жатканын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги борбордук базарда селден кийинки калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланып жатканын кабарлады. Базар азыр жабык. (КЕ)

XS
SM
MD
LG