Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Кувейт «гиганттык» мунай кору табылганын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кувейттин мунай корпорациясы (Kuwait Petroleum) «гиганттык» көлөмдөгү мунай кору табылганын жарыялады. Ишкананын 14-июлдагы билдирүүсүндө жаңы мунай запасы Перс булуңунда жайгашкан Файлака аралынын чыгыш тарабындагы ал-Нохата тилкесинде экени, жалпы көлөмү 3,2 миллиард баррел деп бааланып жатканы маалымдалды.

Компаниянын башкы директору Наваф Сауд Насир ал-Сабах Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялаган видеосунда жаңы кендеги мунай запасы өлкөнүн үч жылда табуучу жалпы көлөмүнө барабар экенин билдирди.

Анын айтымында, баштапкы эсептөөлөр ал жерде 2,1 миллиард баррел мунай жана 5,1 триллион куб фут газ бар экенин, бул мунай эквивалентинде 3,2 миллиард баррел болорун көрсөттү.

Кувейт мунай корунун көптүгү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. ОPEC (The Organization of the Petroleum Exporting Countries​) уюмунун эсебинде, 2022-жылдын соңуна карата ал дүйнөдө алтынчы орунду ээлеп турган, жалпы мунай кору 100 миллиард баррелди түзөт, бул дүйнөлүк резервдин 6,55% барабар.(RK)

XS
SM
MD
LG