Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Ошто сел агызып кеткен дагы эки адамдын сөөгү табылды


Селден кийинки куткаруу-издөө иштери. Ош шаары. 15-июль, 2024-жыл
Селден кийинки куткаруу-издөө иштери. Ош шаары. 15-июль, 2024-жыл

Ошто сел агызып кеткен дагы эки адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) болжол менен 2005-жылы жана 2014-жылы туулган эки кыздын жасаты 15-июлда 14:30дарда Өзбекстандан (Анжиян шаарынын Шахрихансай сайынан) табылганын билдирди. Маалыматка караганда, өзбек милициясы маркумдардын сөөгүн Анжиян шаарынын өлүкканасына жеткирген.

Буга чейин ӨКМ Ошто селден кийин жасаты табылган келиндин тек-жайы аныкталганын билдирген. Ал жекшемби күнкү апаатта үч кызы менен агып кеткен 44 жаштагы жергиликтүү тургун экенин кабарлаган. Сөөгү 15-июлда түш ченде калаанын Катта-Терек тилкесинде Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

Бир күн мурун бул үй-бүлөнүн алты жашар кызынын сөөгү да Өзбекстандагы Шахрихансай каналынан чыккан.

Учурда дагы бир аялды издөө иштери уланууда.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйлөрдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды. Алардын ондон ашыгы жакыны - балдар. (КE)

XS
SM
MD
LG