Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:44

Азербайжандын Ирандагы элчилиги ишин улантты


Азербайжандын Ирандагы элчилигинин мурдагы имараты.
Азербайжандын Ирандагы элчилигинин мурдагы имараты.

Азербайжан Ирандагы элчилиги кайрадан ишин улантканын билдирди. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин 15-июлдагы маалыматында элчи жана элчиликтин кызматкерлери бул дипломатиялык мекемеге жасалган 1,5 жыл мурдагы кол салуудан кийин Тегеранга кайра кайтып барышканы айтылды.

Дипломатиялык миссия жаңы имаратта иштей турганы кабарланды жана Иран «дипломатиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөрү» белгиленди.

Расмий Баку Тегерандагы элчилигин 2023-жылдын январындагы куралдуу кол салуудан кийин жаап, кызматкерлерин өлкөдөн чыгарып кеткен.

Кол салган киши элчиликтин коопсуздук кызматынын башчысын өлтүрүп, эки кызматкерин жарадар кылган. Кылмышкер дароо кармалып, соттук териштирүү бир жыл уланды. Ирандын Юстиция министрлиги ал өлүм жазасына соттолгонун маалымдады. (RK)

XS
SM
MD
LG