Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Пакистанда гарнизондогу кол салуудан кеминде үч аскер каза болду


Пакистан. Окуя болгон аймак.
Пакистан. Окуя болгон аймак.

Пакистанда бүгүн 15-июлда кеминде үч аскер кызматкеринин өмүрүн алган кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат. «Машаал» радиосунун өлкөнүн коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө таянып жазган маалыматына караганда, окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясында, түндүк-батыштагы Банну шаарына жакын жердеги аскердик шаарчада болду, жарылуудан каза тапкан үч аскерден тышкары дагы 50 чакты киши жараат алды.

Соңку кабарларга караганда, аскердик базага адегенде машина айдаган жанкечти террорист чабуул койгон, андан удаа үч-төрт киши базанын аймагына кирип, граната жардыргандан кийин атышуу башталган. Кол салууга жоопкерчиликти өзүнө «Жаиш-э Фурсан-е Мухаммад» тобу алганы маалымдалды.

Пакистан өкмөтү окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскердик базага жакын тилкеде жашаган жергиликтүү тургундар жарылуудан үйлөрү титиреп, терезелери талкаланганын айтып беришти.

Хайбер-Пахтунхванын тургундары коопсуздугун камсыз кылууну, экстремисттерге каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылып жакында бийликке кайрылышкан. Аталган провинция Ооганстан менен чектеш тилкеде жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG