Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:28

Улуу Британиянын башкы дипломаты Газа боюнча сүйлөшүү жүргүзөт


Дэвид Лэмми.
Дэвид Лэмми.

Улуу Британиянын жаңы тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Газадагы согушту тез арада токтотуу, барымтадагыларды бошотуу аракетин көрүү үчүн бүгүн 14-июлда Жакынкы Чыгышка иш сапарын баштоодо.

Израилде ал премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолугат, андан соң Рамалла шаарына жөнөп, Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен, кечинде ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган топ) барымтада кармап турган адамдардын жакындары менен жолугары пландалууда.

Ал эми эртең 15-июлда Израилдин башкы дипломаты Исраэл Кац жана президенти Исхак Герцог менен, Кнессет депутаты, оппозициялык «Махане мамлахти» («Мамлекеттик лагерь») борборчул партиясынын лидери Бенни Ганц менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Жолугушууларда, британ Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маселени чечүүнүн “ишенимдүү жана бекем жолдорун» талкуулоо каралган.

«Газадагы өлүмдү жана кыйроолорду чыдап кароо мүмкүн эмес. Бул согуш азыр токтотулушу керек, эки тарап тең атышууну токтотушу керек, - деди Ламми.

Улуу Британияда өткөн аптада парламенттик шайлоонунун жыйынтыгында өкмөт алмашкан.

Газада 2023-жылдын октябрында ХАМАС Израилге кол салгандан кийин башталган согушту токтотуу аракеттеринен жыйынтык чыга элек.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн мекемеси тогуз айдан бери каза болгон палестиндер 38 миңден ашканын билдирүүдө. Былтыркы Изарилге кол салууда бир күндө 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, эки жүздөн ашуун адамды согушкерлер барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары каза болгону кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG