Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Кытайда Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталды


Кытай жана Орусия аскерлери. Архивдик сүрөт.
Кытай жана Орусия аскерлери. Архивдик сүрөт.

Кытай жана Орусия Кытайдын түштүк аймагында жайгашкан аскердик портто биргелешкен машыгуу баштаганын бүгүн 14-июлда өлкөнүн “Синхуа” расмий маалымат агенттиги билдирди. Машыгууга эки өлкөнүн аскердик-деңиз күчтөрү катышып жатканы маалым болду.

Талдоочулар бул биргелешкен иш-чара НАТО Кытайды Украинадагы согуш боюнча “чечүүчү көмөкчү” деп атагандан көп өтпөй уюштурулуп жатканына көңүл бурушту.

Кытайдын Коргоо министрлиги өзүнүн кыскача билдирүүсүндө эки өлкөнүн аскердик күчтөрү жакында Тынч океандын батышын жана түндүгүн күзөткөнүн кабарлап, операциянын эл аралык жана аймактык маселелерге эч кандай тиешеси жок экенин, кайсы бир үчүнчү тарапка каршы багытталбаганын маалымдады.

“Синхуа” агенттиги жазгандай, машыгуунун ачылышы Чжанцзян шаарында өттү, андан соң Кытайдын жана Орусиянын деңиз күчтөрү “картанын негизинде аскердик симуляция жана тактикалык координация” машыгууларын жүргүздү.

НАТОнун ушул аптада өткөн саммитинде Кытай Орусия менен «чексиз» өнөктөш болуп, ал Орусиянын коргоо-өнөр жай тармагына кеңири масштабда колдоо көрсөтүп келатканы, мындай абал орус бийлиги коңшуларына жана түндүкатлантикалык коопсуздукка жараткан коркунучун күчөтүп жатканы белгиленген.

Кытай НАТОнун мындай билдирүүсүн айыптап, “каршылыкты козутууну токтотууга” үндөгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG