Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

Украина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза болгонун билдирди


Украина.
Украина.

Донецк облусунда соңку сутка ичинде орус армиясынын чабуулдарынан Донбасстын алты тургунунун өмүрү кыйылганын 14-июлда облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин маалымдады. Дагы тогуз киши ар кандай жараат алганы, ондогон үйлөр, дүкөндөр талкаланганы, электр зымдары жарактан чыкканы, жалпысынан облус аймагы 19 жолу аткыланганы маалым бодду.

Днепропетров облусунун Никопол шаарында жекшемби күнү артиллериялык аткылоодон 69 жаштагы аял токко урунуп ооруканага түшкөнүн, абалы оор экенин, 70 жаштагы эркек кишиге сынык тийгенин облус башчысы Сергей Лысак билдирди.

Ушул эле күнү Харьков облусунун Купянск районунда орус аскерлеринин аткылоосунан 70 жаштагы аял жараат алганын, айрым жарандык ишканаларда өрт тутанганын жергиликтүү прокуратура маалымдады. Купянск шаарында ишемби күнү да эки аял жабыркаганы кабарланган. Ал эми Буды кыштагында полиция кызматкери жана куткаруучу каза болгон, 25 киши жараат алган.

Украинанын «Восток» Аба командачылыгынын телеграм-каналында жазылгандай, 14-июлга караган түнү өлкө аймагында Орусиянын Х-59/Х-69 ракеталарынан экөө жана чалгын дрондорунан төртөө атып түшүрүлдү.

Фронтто кечээтен бери 160 кагылышуу болгонун өлкөнүн Башкы штабы билдирди.

Орусия Украинага каршы ФАБ-3000 авиациялык бомбаларын колдогонун тастыктаганын 14-июлда «Азаттыктын» украин кызматы орус Коргоо министрлигинин маалыматына таянып жазды. (RK)

XS
SM
MD
LG