Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Газада дагы 17 жайкын тургун каза болгону маалымдалды


Газа.
Газа.

Газа секторунун эл эң жыш жайгашкан Газа шаарында Израилдин 14-июлдагы чабуулдарынан кеминде дагы 17 палестин жай тургунунун өмүрү кыйылганын, 50дөй киши жараат алганын жекшемби күнү анклавдын ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирди.

Шаардын ар кайсы жактарына абадан кеминде төрт жолу сокку урулганы, Израил аскерлери абадан жана жерден аткылоосун күчөткөнү маалымдалууда.

Бир күн мурда Газа секторунун гуманитардык зона деп жарыяланган тилкесине жасалган чабуулдан, жергиликтүү медицина мекемесинин билдиришинче, кеминде 90 палестин тургунунун өмүрү кыйылды, бул чабуул азыркы согуш башталгандан берки эң кандуу окуялардын бири болуп калды.

Израил ишемби күнкү чабуулу “хамасчылар гана топтолгон, жай тургундар жок, ачык жерге” урулганын, максаты ХАМАСтын башчыларынын бири Мохаммед Дейфти жана Хан-Юнистеги бригада командири Рафа Саламаны жок кылуу болгонун, алар жай тургундар арасында жашынууга аракет кылганын, бирок сокку чалгын маалыматтын негизинде так урулганын билдирди.

Айрым маалымат булактары Дейф менен Салама бул операция маалында жок кылынганын жазышса, айрымдары алар качып кетүүгө үлгүргөнүн кабарлап жатышат.

Израилдин соңку күндөрдөгү мындай активдүүлүгү АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан улантып жатышканы кабарланган учурда болду.

АКШ президенти Жо Байден 11-июлда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып анын администрациясы Газадагы атышууну токтотуу келишими боюнча «прогресске жетишип жатканын» айткан.

Бирок, «Би-Би-Синин» соңку маалыматына караганда, кезектеги сүйлөшүүлөр да 12-июлда эч жыйынтыксыз аяктады. (RK)

XS
SM
MD
LG