Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

Жаманга жар болуудан качкан кыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Камбаралы Бобуловдун "Түштүк кызы" чыгармасы жарыяланар замат жаш кыргыз прозасынын жетишкендиги катары бааланып, биртоп тилдерге которулган, ал кезде жаамы союздук кадыр-барк күтүп калган Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна арзыган.

Камбаралы Бобулов көпчүлүккө кыргыз тилине чын дилден күйгөн патриот, улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон коомдук ишмер катары белгилүү.

Анын адабий чыгармачылыгы, сынчылыгы, акындыгы, кара сөз өнөрү тууралуу эмнегедир аз кеп болот. Мына ушул кенемтени азыноолок толтуруу максатында анын акындыгы менен кара сөз чыгармачылыгына токтолсокпу деп турабыз.

Класстын мыктысы Айкыз

Камбаралы Бобулов деген ысымды оболу “Кыргызстан пионери” деген ыманы ысык гезиттен окугам. Жаамы советтик "Правда" гезитинин кабарчысы, анан Москвада Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, илим кандидаты окумуштуулук даражасын алгандан кийин ал он жылдай окуучу балдардын сүймөнчүк басылмасын жетектеп турбадыбы.

Коммунисттер заманында басма сөздүн баркы өзгөчө бийик, гезитке чыккандын баары көпчүлүккө таанылып калчу.

Жазуучунун проза жаатындагы үлкөн жетишкендиги, албетте, "Түштүк кызы" повести. Андагы короону сырт көздөн далдаа кармаган коргон символикалык-психологиялык маани-мазмунга эгедер атрибут; архаикалык каада-салттын туткунунда калган үй-бүлөнүн, эски-жаңы муундун конфликти чыгармада ынанымдуу турмуштук эпизоддор аркылуу ырасталган.

Каармандын өзүн-өзү таануусу кандай тоскоолдуктарга кабылганы, көчөт кыздын өз бактысын кантип тапканы сюжеттин кызыктуулугун арттырып турат.

Айылдык тартынчаак уяң кыздын шаардык турмушка аралашуусу, жаңы чөйрө, жагдай-шарттардын таасири повестте ишенимдүү баяндалган. Чыгарма жарыяланар замат жаш кыргыз прозасынын жетишкендиги катары бааланып, биртоп тилдерге которулган, ал кезде жаамы союздук кадыр-барк күтүп калган Чыңгыз Айтматовдун мактоосуна арзыган. Даңазалуу сүрөткер повесттин Москвадан чыккан орусча таржымасына баш сөз жазган.

Улут адабиятынын мыкты үлгүлөрүнүн бири катары мактоого алынган "Түштүк кызынан" кийин Камбар аке биртоп жыл адабий сын айдыңында, мамлекеттик кызматтарда жүрдү.

Соңунда кайра илимге ооп Кыргыз илимдер академиясында иштеп калды. Аны менен жакындан таанышып, ага-ини болуп калышыбыз ушул кезден башталды. Токсонунчу жылдары Камбар аке "легендарлуу парламенттин" депутаты болчу, үч жүздөн ашуун эл өкүлдөрүнүн арасындагы улуттук тилге өзгөчө күйгөн, позициясын тартынбай ачык билдирген депутат эле. Эми ойлосом жаш өлкөбүз эгемендигине эрдемсип турган ошол кез улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон көркөм интеллигенция өкүлдөрүнүн жылдыздуу учуру болуптур. Камбар аке алардын арасында өзгөчө жарык чачкан жылдыз эле.

Кийин ошол жалындуу "өкүлдөрдүн" бир тобу социализмден калган өлүү дүйнөгө туйтунуп, башкалары "майлуу" кызматтарды ээлеп, алар деле катардагы көрпенде экенин көрсөтүштү. Камбар аке андай алдым-жуттумдан алыс, пенделик напсисин тыя алган жубардай таза ак көңүл жан экен, артынан өсөк сөз ээрчитпеди.
Камбар акенин адабиятка кызыгуусу, ага баш-оту менен кирип кетиши бала чагынан, "Пионер" гезитине чыккан чакан кабардан башталыптыр.

"Класстын баары мени телмирип карап калышты.

- Окугула балдар, менин кабарым чыгыптыр. Биринчи бетке чыгыптыр! Үлгүлүү кыз" дейт. Өзүбүздүн сулуу Айкыз жөнүндө, - деп газетаны булгалактап жаттым. Кабарымда өзүмдүн классташым Айкыз жакшы окугандыгын, жолдошторуна дайыма жардам берерин, класста тазалыкты сактап, тартиптүү жүрөрүн жазган экенмин. Ырасын айтсам, бул кара көз, мурду кетирекей, ак жуумал кызды ичимен өтө жакшы көрчүмүн. Бул сезимимди ага билдире албай, кыйын абалда жүргөн элем.

Карасам, бир-биринен колунан газетаны жула качышып, менин макаламды чурулдашып окуп жатышкан экен. Айкыз болсо, кулагына чейин кызарып, партасында отуруптур. Сыягы, ал да ичинен кубанып, толкундап жаткан көрүнөт. Бир убакта экөөбүздүн көздөрүбүз кагылышып, менда уялганымдан башка жакка карап кеттим. Айкыздын көз карашында жакшы көргөндүк, таң калгандык бар эле! Бул кабар мектепке өрттөй тарады".

Арасынан келки үзүндү алынган мынабу "Армандуу биздин балалык" повестин К.Бобулов эр ортонун этектеп, адабиятта аты чыгып калган кезинде жазган (1985). Бул учурда эсил кайран социализмдин эртеңи бүдөмүк тартып, коомдук турмушта айкындуулук, "кайра куруу" желаргысы күчөй баштаган. Ошол себептүү Камбар акенин чыйрак жазылган кызыктуу баяны адабий сындын баам сыртында калды окшойт.

Негизи "Армандуу биздин балалык" жазуучунун улут көркөм сөзүнүн өзүнчө бир этаптык чыгармасы катары бааланган "Түштүк кызы" повестиндей эле терең көркөм психологизми менен окурмандын эсинде калат, андагы келки-келки турмуштук эпизоддордон автордун оор учурга туш келген балалыгы, согуштун катаал жылдарынын суук илеби сезилип турат.

Гүлайым

Таланттуу кара сөзчү катары анын атын чыгарган "Түштүк кызы" (1962) повестинин сюжети жөнөкөй. Реалдуу турмуштан көркөм формага чыпчыргасын коротпой көчүрүп койгондой таасир калтырган кызыктуу баянды ал кыргыз прозасы жаңылануу процессин башынан кечирип жаткан учурда, баяндоонун жаңыча ыкмасына – көркөм психологизмге сүңгүп кире баштаган кезде жазган.

Чыгармада орто мектепти аяктап жаткан Гүлайым деген айылдык кыздын ой-кыялы, турмуштан өз ордун табуу аракети баяндалган. Апасы сеп камдап, атасы ким менен куда болсом деп, тымызын даярдык кызы окууну бүткөнчө эле башталган. Окуя ошондой өрчүшү деле мүмкүн болчу. Кыздын бактысы го, булар окууну бүтүп жатканда райондук партия комитети мектепти бүткөн кыздардын бирөө да жогорку окуу жайына өтпөй, бул жагынан район артта калганын эстеп, секелектердин баарын борбордук окууга жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Гүлайымдын бактысын партиялык чечим ачып, ата-энесинин тымызын каршылыгына карабай мектепти бүткөн кыздардын баарын райондук бакандай кызматкери шаарга өзү жеткирген. Ага чейин кыздарын окууга жибербестин айласын кылып караңгы ата-энелер эмне деген гана айла амалдарды жасашпайт. Айылдагы эң бай деген адамдын жашыруун иши элге эртеси эле билинип калган.

"Ошол Эсенамандын атасы Абдылда аба байбичеси экөө жашыруун келип, 20 миң сом калың берип, Айзаданын башын байлап кетиптир. Бул кудалашуу өтө жашырын иштелиптир. Эгерде бирөөгө оозуңдан чыгарсаң, асылып өлөм,- деп Гүлсүн эже карганып коюптур.

Той болбойт экен, окуу жабылары менен Айзаданы Эсенаман машинасына отургузуп, пас тараптагы эски тааныштарыныкына эч кимге билгизбей алып кетет экен. Элге "өздөрү убадалашып жүрүп, качып кетиптир" делип таралат экен. Бирок Гүлсүн эже "Кайран кызымдан айрылдым, айрылдым",- деп чачын жулуп, көчөгө кыйкырып чыгууга убадасын бериптир. Бул эмне деген жүзүкаралык, жалакорлук! Эптеп өз айыбын жабыш үчүн эскилик эмне гана аракеттерди кылбайт".

Айзада кыз деле бош келбей, шаарда окуп жүргөн жигитине кат жазып, анысы сүйгөнүн шаарга алып кетип, байкуш кыз бактысын каршылык көрсөтүп атып таап алды. Курбу кызы шаарга кеткенден кийин апасы Гүлайымды жанына алып жатчу болгон. Баскан-турганы бекем кайтарууга алынып, уяң кыз аябай чүнчүп жүргөн кезде мектеп директору кубанычтуу жаңылыкты айтты: "Быйыл райондо онунчу классты бүткөн кыздардын баары жогорку окуу жайына барат. Ушундай көрсөтмө бар. Бизде саанчылар жетишет, окуган кыздар жокко эсе",- деди директор. Партиялык чечимге ким каршы чыксын?

Үйүнөн алыс чыкпаган кыз бала алыскы борбор шаарда кантип окуйт, ал жерден бирөөлөр сулуу кызымды ала качып кетеби деп чочулаган апасы Гүлайымды айылындагы башкарманын баласына бермек болот. Эки үй-бүлө жашыруун кудалашып, башкарма калыңын берип, аялы сөйкөсүн салып кетет. Ага эрдемсинген башкарманын баласы Аманбай Гүлайымды алган аялындай басынтып, шаарда баскан-турганын тескей баштайт. Мунусу кызга жакпай, экөө тез эле урушуп кетишет.

"Ошол учурда чагылган жарк этип, анын мыскылдуу жүзүн көрдүм. Көп кыйынсынбай тилиңди тартып сүйлө. Колтуктасаң да, колтуктабасаң да, сенин эркиң менин колумда" - дегендей.

- Сен апама асылба,- дедим ыйламсырап. - Сени башында такыясы бар жигит дейт. Андай кыйын экенсиң, эмне үчүн ата-энеңди сагалатып жибердиң, а?
- Сагалатыппы?
- Ооба, сагалатып.
- Тарт тилиңди.
- Тартпайм. Мен сенин никелүү аялың эмесмин. Кандай жүрсөм өзүм билем.
- Жүрө албайсың.
- Жүрөм. Ишиң эмне? Сен башыңда такыяң бар жигит болсоң ата-энеңди сагалатып жибербей койбойсуңбу? Мен сага жалындым беле?
- Акыркы жолу эскертем, тарт тилиңди.
- Тартпайм.
- Тартпасаң мынаке, канчык!
Ошол замат оң жаагым ысып, көзүмдөн от чагыла түштү. Теңселип башым айланып, отура калдым да:
- Акмак! - дедим.
- Мына, акмак!

- Апа! Жаным апа!

Мен бетимден салаалап аккан көз жашымды аарчыбай, жамгырлуу кара түндү аралап, үнсүз ыйлап келатам, анын ата-жотосун калтырбай каргап-шилеп келатам. Бүттү! Бардыгы бүттү!"
Кызды баарынан да үйлөнө турган жигитинин колун көтөргөнү, баскан-турганын тескеп ыксыз кызгана баштаганы капа кылды. Эмитен ушинтет, кийин аял кылып алган соң күн көрсөтпөйт го, деп чочулайт.

Ушул окуя Гүлайымды катуу ойлонтот, зирек кыз тагдыр жолунун эң кысталыш жерине келгенин, мындан аркы жашоосу кандай нукта өтөрүн так чечип алыш керектигин сезип, чечкиндүү кадам таштады. Көчөдөн кармап алып корсулдаган Аманбайдын оозун ачырып, жактырган жигитин колтуктап кете берди.

"Түштүк кызы" Камбаралы Бобуловдун чыгармачылык баралына толуп турган кезинде жаралган туундусу эле. Андан кийинки ири эпикалык жанрдагы туундусу "Армандуу биздин балалык" автордун тестиер кезинде башынан өткөргөн окуялары, катаал турмуш драмасы баяндалган. Эскерүү баянда чоочун айылга барган баланын кусалыгы, Арнаалы бөлөсүнүн капыс өлүмү, Крымга Артекке бармакчы болгон тестиерди кошоматчы чондор кантип алдашканы, анын баары автордун өмүр бою эсинен чыккыс арманына айланганы элестүү чагылдырылган.

К.Бобулов атасы молдо, апасы өмүр бою колхоздун кара жумушунан бошобогон карапайым аял болгонун, урук-туугандарынын арасынан куюлуштуруп мыкты сүйлөгөн чечен же уккан адамды муютчу чебер кошокчу, ырчы-чоорчу жоктугун өмүр баянында эскербейт. Тек, энелери жагынан жакындашып тууган болуп жүргөн Арнаалынын атасы китепти көп окуган, эгиз козудай ээрчишкен “бөлөлөргө” китептин пайдасын көп айтып, темир канат чагында кулагына аябай куйганын эскерген жайы бар.

“Мен Арнаалынын үйүнө барганда, атасынын текчедеги катар тизилген китептерин көрүп аябай таң калчумун. Арасында орус, кыргыз өзбек, казак тилериндеги биз билбеген ар түрдүү китептер, жомоктор бар эле. Бир жолу Арнаалы экөөбүз китептерин аңтарып жатканыбызда аяш атам үстүбүздөн чыгып калды. “Урушат го” деп мен чочуп кеттим. Тескерисинче, аяш атам жадырап-жайнап, биздин китепке үйүр болгонубузга жетине албай кубанып:
- Балдарым, силер да чоңоёсуңар. Ааламда тынчтык болсо, силер эр жигит, же алыскы Москвага, Ленинградга, Киевге барып окуйсуңар. Дүйнөдө силер окуй турган акылдуу китептер өтө көп. Ошон үчүн азыртадан жакшы окуп, китепке дос болуу керек. Китепке кызыкпаган адам ал бечара адам, дүйнөдөгү эң жарды адам,- деп, деги биздин али акылыбыз жетпеген, кулагыбыз укпаган адамдардын аттарын, китептерин, маанилүү сөздөрүн жадабай санап өткөнү эсимде.
Менин атам болсо, беш ирекет намазын үзбөй окуган, молдолордун сөзүн кулагына куйган, Ош, Фергана, Кокон, Анжияндан алыс барбаган, кат тааныбаган, жетимишке таянып калган карапайым чал”.

Айтса, ошол диний эрежелерди бекем тутунган карапайым аксакал кыштын узун түндөрүндө баласына элдик дастандарды окутуп, китептеги окуяларга чындап күйүп-бышып, берилип укканын, мунун баары болочок сүрөткердин көркөм сезимин козгогонун К.Бобулов өзгөчө бир сүйгүнчүк менен эскерген. Экинчи дүйнөлүк согуштун оор азабын кабыргасы ката элек жаш бала да сезип, кез-кез айылда кан майданда окко учканды угузушканын, адамдар мурдагыдай жайдаңдап ачык жүрбөй, суз тартып калышканын, каргадай кезинде көргөн-билгенин жашырбай кагазга түшүргөн:

“Эми кара кагаз деген балээ чыгып, дагы кимдикинен боздогон ый чыга калат деп айыл адамдары безилдеп коркуп, жүрөгү жалкып турган кез. Ушул эки-үч айдын ичинде биздин айылдан төрт-беш үйгө ошол каргашалуу кабар келип, кыямат кайым түшкөндөй катуу ый чыгып, чоң-кичүү дебей ошол жакта кабыргалары сөгүлүп кайгырып жүрүштү. Чоңдор көчөдө жолукканда саламдашып бүтүп, эсен соолук суроодон мурда, тиги Жатанда, же Учкайда, Мырзада, Кашкалдакта баланчанын баласына кара кагаз келип, ошону угузуптур, ата-энеси бөк түшүп, ордунан турбай калыптыр дешип, баштарын ийкешип кеп кыла турган болду”.

Лалахан

Согуштун оор жылдарын көргөн зирек баланын адам жана сүрөткер, адабиятчы катары калыптанышы совет заманынын биралдын оор, экинчис жагынан согуштан кийин кескин жанданган кызык учурга туш келген. 60-жылдар акыйкатта да олуттуу өзгөрүүлөрдүн учуру эле. Ал өмүр бою адилеттик, чындык тарабында болуп, акыйкаттык үчүн аянбай күрөшүп өттү.

Жеке жашоо-турмушундагы драманы ырга айлантып, айтылуу апыз досуна кайрылып мынабу поэтикалык манифестин жарыя кылган:

Хафиз дос, сен да гарып, мен да гарып,
Кеттик бейм ашыглыктан чач агарып
Эстесек Лалаханды жан карарып,
Боздойбуз ара жолдо өң саргарып,
- деп жазган.

Лалахан цикли ыр сүйүүчүлөргө казалдар катары белгилүү.

Өмүрдөгү бир өкүтүн акын дагы бир ырында ачыкка чыгарган:

Арман көп: өмүр бою тирүү жанда,
Өкүнөм комуз чертип калбаганга.
Эрте-кеч эрмек кылып отурмакмын,
Сырларын жүрөгүмдүн күүгө сала.

Комуз чертип калса акындын өксүгү "капыстан куюшканы кыйшайганда" же "эң жакын досторунан жаңылганда", "көгөрүп сүйгөн жары ор казганда" күүгө айланып, ичтеги арманын бөксөртөрү бышык эле, бууракандаган албуут сезимин ноктолоп, жанында турмак.

Комуздан кийинки акындын айыккыс арманы Лалахан болду окшойт. Акыркы деми калгыча аны менен жашап, ичтеги арманын эриккенче төктү окшойт.

Лалахан, жара болдуң жарылбаган,
Түбөлүк арман болдуң арылбаган.
Сен десем көз ирмебей таңым атат,
Чок болот денем күйүп жалындаган?
Жыргалым сүйгөндөрдүн арасында,
Бар бекен мен сыяктуу жалдыраган.

Ашыктык отуна какталган акын кээде сезим ченин жоготуп иет:

Канча жан жыттап сүйдү тамагыңдан,
Канча жан эркелетти мамагыңдан?..
Баары калп! Сен тазасың, Лалаханым,
Жүзүмдөй бышып турган сабагынан.
Мен жүрөм кумарланып колум жетпей,
Апкаарып сылай албай саамайыңдан.

"Лалахан казалдары" циклин акындын "Көкүрөк сырлары" дагы тереңдетип, кыйла конкреттештирген. Анда жеке турмуш прозасына ыктап кеткен саптар толтура.

Пахта талаасында табышкан эки жаштын анты ("Мен айттым: бул түн үчүн өлөм дедим, Сен айттың: бут азапка көнөм дедиң. Мен айттым: ушул түндү унутпаймын, Сен айттың: мен сендикмин, эсте дайым!"). Бирок шерттешкен жаштар тагдыр сыноосунан өтө албай тургузган дубалы урап түшөт. Буга өтө катуу өкүнгөн акын, каңырыгы түтөп: "Ошондо сен өлбөдүң, мен өлбөдүм, Бир өлсөк, эл оозунда тарых болуп, Билбедик кара таштан гүл өнөрүн", дейт.

Бактылуу сүйүүнүн арты ажырашуу менен бүткөнүнө ишенип-ишенбеген акын дагы бир сырын алдыга жаят:

Бул дүйнөдө сен барсың да, мен бармын,
Азабында чач агарган Камбармын.
Кыйын кезде сен карабай кетсең да,
Лалахан деп ырларымды арнадым.

Армандуу махабат баянынын ар бир сабынан орду толбос өкүт, турмуш драмасына туш келген сезимтал инсандын чындап күйгөнү, арманын кимге айтарын билбей алдастаганын баамдоого болот. Анын баарын бул жерде бир-бирден мисал келтирип сүрөттөп бериштин кажети жок, ыр ышкыбоздору Камбар акенин "Арман китебин" окушу керек.

Камбар аке сыртынан оргу-баргы, шар жүргөн адам көрүнгөнү менен жүрөгү өтө назик, киши көңүлүн оорутпаган боорукер жан эле. Бул ирет анын кара сөз жаатындагы эки чыгармасы, ашыктык лирикасы тууралуу гана азыноолок кеп кылдык, буюрса, ал жөнүндөгү узун сөз алдыда.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG