Эгемендикке ээ болгон отуз жылдан ашуун мезгилде адабияттын проза жанрында алпурушкан айымдарыбыздын тобу жаралып, көзгө көрүнө баштады.
Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени түбөлүк турчудай сезилген Союз урап калгандан кийинки замандын бүтүндөй оош-кыйышы, бар мүшкүлү байкуш аялдардын мойнуна түштү. Аялдар азаптын эӊ оорун тартты, эӊ көп кыйналды, урулуп-согулду. Адамдын кадыр-баркын эмес, акчаны, байлык-бийликти биринчи орунга койгон капиталисттик доордо нечендеген аялдардын тагдыры талкаланып, жок болду. Ошол эле учурда жүздөгөн, миңдеген кыргыз аялдары күкүнүс кушу сыяктуу «өлүп кайра тирилип», чыйралды, кайраттанды, атүгүл эмне айла кыларын билбей карайлап калган эркектерге дем берип, алга сүрөдү. Эркектерден тең калышпай, саясатта да айымдардан белгилүү саясий ишмерлер, эл башкарган лидерлер өсүп чыкты. Адабият менен искусстводо жаңы ысымдар пайда болду.
Зинакан Пасаңова, Сүйүн Курманова, Элмира Ажыканова, Топчугүл Шайдуллаева, Венера Жылдызча (Бөлөкбаева), Махабат Саидрахманова өңдүү айым жазуучуларыбыздын чыгармалары адабий чөйрөдө кеңири тааныла баштаганы чындык.
Жакынкы жылдардан бери ысымы адабият айдыңында көбүрөөк айтыла баштаган жаш калемгер Махабат Саидрахманова башкача жазат, образ түзүү, баяндоо, сүрөттөө манерасы да өзгөчө.
Ал буга чейин «Бөлмө», «Кызгылтым дүйнө», «Эски керебет», «Актриса», «Ошол күн…» ж.б. деген аңгемелери менен окурмандардын назарына илинген эле. Махабат кыргыздын көпчүлүк жазуучуларындай каармандын жан дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, пейил-куюн эски, көнүмүш болуп калган каражаттар аркылуу эмес, жаңыча ыкмада ачып бергени менен окурман журтунун көңүлүн бурган болчу. Айрыкча анын «Бөлмө» аттуу мыкты аңгемеси буга айкын мисал боло алат.
Чакан бөлмөнүн ичиндеги атмосферанын, андагы буюм-тайымдардын улам өзгөрүп турушу, орун алмашуусу менен биз башкы каармандын турмушундагы, тагдырындагы чоң өзгөрүүлөрдү, кескин бурулушту аңдап-баамдайбыз. Атүгүл бизге анын маанайы, көңүл күйү да белгилүү боло баштайт.
Демек, жазуучу адабият майданына камылгасыз келбегенин, колуна калем алып, жазуучулуктун ары татаал, ары машакаттуу жолуна түшкөнгө чейин көп окуп, көп изденгенин, тынбай аракеттенгенин ушундан баамдасак болот.
Калемгердин бүгүн биз учкай талдоого алалы деп жаткан аңгемеси «Тартылып бүтпөгөн сүрөт» деп аталат.
Чыгарма: «Жаан жааган түндүн эртеси ансыз да тамтыгы кетип турган тротуарлардын уңкур-чуңкурларын толтуруп, чоң-кичине көлчүктөр жол бетин бербей жайнап кетиптир», – деген сүрөттөө менен башталат.
«Тротуарлардын уңкур-чуңкурлары» деген метафоралык сөз айкашы ондогон жылдардан бери оңолбой келе жаткан биздин жашообуздун чыныгы жүзүн гана чагылдырбай, жетим кыздын тайкы тагдыры, кайгылуу турмушу тууралуу да алдын ала ишарат кылып жатканын кийин аңдап-баамдайбыз.
Агасынын төрт-беш жаштагы баласын ээрчитип, өтүкчүдөн кайтып келе жаткан кыз инисин чоң көлчүктөн кантип алып өтөрүн билбей буйдалып турганда «кимдир бирөөнүн карылуу колдору наристени шап эте илип алып» өткөрүп коёт. Жылмая карап, андан ары жолун улаган эркекке балакатка жеткен кыз таң калгандай же дендароо болгондой кыйлага чейин тигилип калат. Чебер жазуучу ушул эпизоддогу эки-үч сүйлөмгө көп маани сыйдырганын окумандардын баары эле аңдап-биле бербесе керек. Анткени кыз ошол көз ирмемде тек «төртүнчү кабатта жашаган коңшу кишини» эле тааныбайт. Ал агасынын үйүндөгү азаптан куткарса экен деп күнү-түнү эңсеп, самап, күтүп жүргөн «бейтааныш таанышын» табат. Тагыраагы, ошол мүнөттө биринчи жолу издеп жүргөн «ак боз атчан ханзаадасына» (орустардын туруктуу сөз айкашы менен айтканда) кезигет.
Дасыккан калемгер кыздын жүрөгүндөгү кирсиз махабатка арзыган кишини минтип сүрөттөйт: «Анын эч кимге ачыла бербеген түнт мүнөзү, эл менен алака-катышынын сейректиги, жалгыз жашоосу кээде кызды таң калтырат». Бул сыпаттоо атактуу жазуучу Э. Хемингуэй айткан айсбергдин үстүңкү бөлүгү гана. Автордун подтекстке каткан оюн зирек окурман өзү боолголоп баамдайт. Махабат Саидрахманова көпчүлүккө (аламанга, сүрмө топко) окшобогон, турмушта өз жолу, өз дүйнөсү менен гана жашаган сүрөтчүнүн бейнесин жогорудагы бир сүйлөм менен эле жаратат. Тагыраагы, бир шилтем менен каармандын рухий портретин толук ачып берет.
Эч кимге кул болбой, кошоматтанбай, эркин ой жүгүртүп, өзү каалагандай ээн-эркин жашап, бүт өмүрүн искусствого арнаган жаратмандын образы кыздын жеңеси менен агасы тапкан күйөө болмушка салыштырганда дагы да дааналанат. «Кызга күйөө болчу жигит элге аралашып кошо дуулап, эл күлсө кошо күлүп» жүргөнүн окуганда эле анын ким экенин дароо билебиз. Ал кызга өмүрлүк жар боло турган киши эмес, анткени ал башкалардан эч өзгөчөлөнбөйт, ал болгону – көптүн бири гана. Ал эми жаш айырмачылыгына карабай сүрөтчү гана кызга тагдырлаш, өмүрлөш боло алат. Себеби сүрөтчү сыяктуу кыз дагы сулуулукту көрө, уга, туя билет. Тереңдик менен бийиктикти түшүнөт. Бул экөө – ички дүйнөсү дагы, адамдык пейил-кую дагы бири-бирине төп келген окшош жандар. Илимдин тили менен айтканда, конгениалдуу жандар. Мындан да тактап айта турган болсок, бул экөө – рухий түгөйлөр (эгерде эч ким колдоно элек болсо, мен ушул түшүнүктү сунуштап жатам). Аял, эркек рухий түгөй болгондо гана алардын никеси ажарына чыгат, үй-бүлөнүн пайдубалы урабай өмүр бакы сакталат. Андай үй-бүлө чыныгы бакыттын, чыныгы таалайдын ордосуна айланат.
«Сени ушунчалык сагындым, сага болгон меникиндей сагыныч менен бөлөк бирөөнүн жанында жашоого мүмкүн эмес экен... Мага сенден бөлөк эч кимдин кереги жок», – дейт сүрөтчүгө биротоло келген кыз. Бул чакан аңгемедеги автор берейин деген ой, идея кыздын ушул диалогунда туу чокусуна, апогейине жетет. Калемгердин көздөгөн ыйык мүдөөсү, максаты толук орундалат. Тагыраагы, улуу Толстой айткан «бейтааныш тааныштардын» табышуусу менен аңгеме соңуна чыгат.
«Тартылып бүтпөгөн сүрөттү» зор ынтаа, эргүү менен бир нече жолу окуп чыктым. Адабий табити жетик окурманды кайдыгер калтырбаган мыкты чыгарма. Кыргыз адабиятына дээр-дарамети орошон жазуучу келгендигинин айныксыз далили. Бирок Махабат карындашыбыздын биз сөз кылып жаткан аңгемесинде кемчиликтер да жок эмес. Андагы мүчүлүштүктөр чыгарманын идеялык-эстетикалык наркына, көркөм баалуулугуна доо кетирбесе да, жалпы текстке көлөкө түшүрбөй койбойт. Тилекке каршы, пунктуациялык каталар көп кетип калган. Айрыкча тике сөз менен автордун сөзүнүн ортосуна келчү тыныш белгилер жазылган эмес. Эгерде тике сөз автордун сөзүнөн мурда келсе, андан кийин үтүр (суроо, илеп белгиси, көп чекит) жана сызыкча коюлат. Мисалы:
«”Эми барышың керек. Үйгө кирип жүзүңдү чайкап ал” – деди» деген сүйлөмдө сызыкчага чейин үтүр коюлбай калган. Мындан тышкары, жазуучу эмоциялык-экспрессивдүү боёк бергиси келип же каармандын психологиялык олку-солку абалын күчөтүп көрсөтүү максатында кээ бир сөздөрү созуп айтылса (маселен, «оп-па-а», «жо-ок» «Ай-и-ий!..»), созулмалар дефис аркылуу жазылышы керек болчу. Бул айтылгандардан тышкары да тексттин жалпы тулкусуна логикалык жактан анча коошпой калган сүйлөмдөрү, сөздөрдү байкадык. Алсак: «Аны тартып олтуруп сүрөтчү өзү да суусап, шарап ичкиси келип чыккандыр ээ?!» - деген сүйлөмдө «чыккандыр» сөзү ашыкча, ("келгендир ээ?!" деп эле бүтүрсө туура болмок).
Негизи, канчалык мыкты жазуучу болбосун, анын тексти сөзсүз кесипкөй редактордун колунан өтүшү зарыл. Эрнест Хемингуэй, Скотт Фицжеральд, Томас Вульф сыяктуу америкалык даңазалуу жазуучулардын чыгармаларын адабият үчүн алардан кем эмес эмгек кылган залкар редактор Макс Перкинс дайыма редакциялап чыкчу экен. Өтө эле чубалтып жазганды жакшы көргөн Томас Вульфтун романдарын баштан аяк оңдоп-түзөп, атүгүл бир канча бөлүгүн кыскартып да салчу тура. «Өз үйүңө кара, периште», «Убакыт жана дарыя тууралуу» деген романдары редактордун көзөмөлүнөн өткөндөн кийин автор: «Булардын эми канчасы меники экендигин билбей да калдым», – деп мойнуна алыптыр.
Ал эми бизде азыр текст менен иштөөнүн ушул жагына көп маани берилбей жатат. Эң өкүнүчтүүсү, кээ бир басылып чыккан китептерде да каталары толтура. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, Жазуучулар бирлиги аталган маселеге дыкат көңүл буруп, кыргыз тили боюнча адистерди окуткан жогорку окуу жайлар келечекте милдеттүү түрдө кесипкөй редакторлорду даярдашы керек деп ойлойм.
Сөз соӊунда Махабат Саидрахмановага: "Чыгармачылыктагы өсүш жолуӊда өжөрлүк менен издене бер!" - дегим келет.