Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Израил армиясы Газа шаарынын тургундарын коопсуз жакка чыгууга чакырды


Израил армиясынын чакырыгынан кийин Газадан чыгып бараткан палестиндер. 10-июль, 2024-жыл.
Израил армиясынын чакырыгынан кийин Газадан чыгып бараткан палестиндер. 10-июль, 2024-жыл.

Израил аскерлери 10-июлда Газа шаарынын тургундарын анклавдын борбордук жана түштүк аймактарына чыгып турууга чакырышты.

Бул тууралуу абадан ыргытылган баракчалардан маалым болду.

Анда шаар "согуштук аракеттердин кооптуу аймагы" болуп жатканы белгиленет. Баракчаларда чыгып кетүүгө коопсуз делген эки жол көрсөтүлгөн.

Associated Press агенттиги кабарлагандай "жапырт чыгып кеткендер деле болгон жок", себеби палестиндердин көбү Газа тилкесинде коопсуз аймак жок деп санашат.

Бириккен Улуттар Уюму эвакуациянын кезектеги толкуну боюнча тынчсыздануусун билдирди.

"Азыркы директивалар палестин үй-бүлөлөрүнүн запкыларын дагы күчөтөт. Алардын көбү буга чейин бир нече жолу жер которгон. Карапайым тургундар коргоодо болушу керек", - деди уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериштин өкүлү Стефан Дюжарик.

Израил армиясы түнү аймакта АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун жоочуларына каршы "контртеррордук операция" жүргүзгөнүн билдирди. ЦАХАЛдын жүйөсүнө караганда, согушкерлер Газа шаарындагы БУУнун палестин качкындарынын иштери боюнча агенттигинин кеңсесинде таяныч пунктун түзүп алышкан.

Буга чейин да Израил бийлиги аталган агенттиктин инфратүзүмдөрүн согушкерлер өз пайдасына колдонуп жатканын, ал эми уюмдун Газадагы айрым кызматкерлери жоочулар менен тыгыз байланышта экенин билдирген. БУУ мындай дооматтарды четке кагып келет.

Буга чейин ЦАХАЛдын анклавдагы Нусейрат жана Хан-Юнис шаарларына урган аба соккуларынан улам ондогон адамдардын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Израилдин Газа тилкесинде аскердик операциясынын башташына 7-октябрдагы ХАМАСтын чабуулу түрткү болгон. Анда куралдуу согушкерлер Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган.

Тогуз айдан бери уланып жаткан согушта Газа тилкесинде каза болгондордун саны 38 миңге жеткенин аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

XS
SM
MD
LG