Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыргызстанда автогаз дагы деле тартыш болууда


Газ куюучу бекет.
Газ куюучу бекет.

Кыргызстанда автогаз тартыштыгы дагы деле байкалууда. Бул тууралуу айдоочулар билдирип айрым май куюучу бекеттерде автогаз такыр эле жок болуп жатса, кээ бир жерлерде көп убакыт кезек күтүп жатышканын айтышууда.

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Канат Эшатов “Азаттыкка” автогаз тартыштыгы дагы деле бар экенин ырастап, ага чакан компанияларда автогаз жок болуп жатканы менен түшүндүрдү.

“Майда компаниялардын чет жактагы чоң ишканалар менен түз келишими жок да. Алар башка компаниялардан автогаз алып кайра сатышат. Ал эми чоң-чоң ишканалар ушул тапта өздөрүнүн май куюучу бекеттерине автогаз ташуу менен алек болуп жатат. Ушундан улам кээ бир кичинекей ишканаларда жок болууда. Автогаз такыр эле жок деп айтканга болбойт”, - деди ал.

25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган.

“Азаттыкка” Бишкектен тышкары айрым облустардын тургундары да кайрылып, автогаз жок болуп жатканын айтышты.

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш деп сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирген. Уюм мындан сырткары Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан улам кыргызстандык компаниялар Орусиядан гана ташып келип жатканын, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалып жатканын кайталады.

“Кыргызнефтетрейдерлер” ассоциациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы автоунаалардын 10% жетпейт. 90% ашуун машине күйүүчү май менен жүрөт.

Бишкек шаарында былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. Мындан тышкары шаарга кирип-чыккан унаалар менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG