Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

БУУ Орусия Киевдеги балдар ооруканасына жасаган чабуулду карайт


Киев. Балдар ооруканасы.
Киев. Балдар ооруканасы.

9-июлда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши Орусиянын Киевдеги Эне-баланы коргоо ооруканасына жасаган соккунун кесепеттерин карайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги дипломатиялык булактарына шилтеме берип жазды. ​

Украинанын президенти Владимир Зеленский карапайым тургундарга жасалган ракеталык жапырт чабуулдан набыт кеткендер 37ге жеткенин, алардын ичинен үчөө балдар экенин билдирди. Дагы 170 киши жараат алды. Алардын 13ү балдар. Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, Орусиянын соккуларынан балдар ооруканасы, турак жайлар, бала бакчалар, төрөт үйү жалпы жонунан 100гө жакын объект жабыркады.

Украин аскерлери Киевдеги ооруканага Х-101 канаттуу ракетасы тийгенин, анын сыныктары далил катары чогултулганын билдирүүдө. Ал эми Орусия бул ооруканага украиндердин зениттик ракетасы тийгенин билдирүүдө, бирок далил келтире элек.

Киевдин мэри Виталий Кличко 8-июлда согуш башталгандан берки “эң оор чабуулдардын бири” болгонун айтты. 9-июль Украинанын борбор калаасында Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагында Орусиянын кеминде беш кишинин өмүрүн алган кезектеги ракеталык чабуулунан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG