Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:55

Алтыгана көйгөйү Министрлер кабинетинде көтөрүлдү


Суусамыр жайлоосундагы алтыгана. Иллюстрациялык сүрөт.
Суусамыр жайлоосундагы алтыгана. Иллюстрациялык сүрөт.

Суусамыр өрөөнүндөгү жалпы 472 миң гектар жайыт аянтынын 800 гектарын тикенектүү алтыгана бадалы өсүп, ээлеп алган. Алтыгана өскөн жерде тоют чөптөрү өспөй жоголууда.

Алтыгана маселеси 8-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги менен өткөн өкмөттүк жыйында көтөрүлдү. Анда өкмөт башчы тикенектүү жапайы алтыгана бадалынын жайылышына каршы жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат укту.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги алтыгана бадалын кайра иштетүү аркылуу жер семирткич жана тоют чыгарууну пландап жатканы, бирок ал үчүн тиешелүү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын түшүндүрдү.

Окумуштуулар алтыгана жер кыртышын кармап турган бадал болгондуктан, аны жок кылуудан экология зыян тартарын эскертишти. Улуттук илимдер академиясы бадалдын көчөттөрүн уулуу калдыктар сакталуучу жайларга көчүрүп отургузуу менен экологияга пайда алып келүүгө болорун белгилешти.

Акылбек Жапаров алтыгана өскөн аймактарды аныктоону, ошондой эле айдоо аянттарына жана жайыт жерлерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Министрлер кабинетинин төрагасы бул маселе боюнча тиешелүү бардык мекемелерге, министрликтерге алтыгана бадалынын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргызстандагы жайыттардын жалпы аянты 9,2 млн гектар.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Суусамырдын жайыт, жайлоолорун каптаган эки миң гектар аянттагы алтыгана бадалын жок кылууну көздөп турганын билдирген.

Соңку жылдары тоо арасындагы жайыттарды, жайлоолорду тикенектүү, жыш өскөн бадал – алтыгана каптай баштаган. Жылдан-жылга мындай бадал адырлардан өтүп, айдоо талааларды каптап, айылдарга чейин кирип келген учурлар катталган. Мындан улам мал оттой турган жерлер тарыган.(ZKo)



XS
SM
MD
LG