Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:07

Баткен, Лейлек райондорунда сел жүрүп, ички жолдор жабылды


Селдин кесепетин тазалоо. Баткен. 8-июль, 2024-жыл.
Селдин кесепетин тазалоо. Баткен. 8-июль, 2024-жыл.

8-июлда Баткен жана Лейлек райондорунда жүргөн селден ички чарбалык жолдор жабылганын Өзгөчө кырдаалдар миинстрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, селден улам Баткен районундагы Айгүл-Таш - Согмент - Таян жолу жабылып, унаа кыймылына чектөө киргизилди. Кара-Булак айылында сел суусу агуучу сай толуп калган. Бул аймактарга ӨКМдин аймактык башкармалыгынын куткаруучулары, тиешелүү техника тартылды.

Лейлек районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Раззаков - Андарак - Көк-Таш жолун суу каптап, Тогуз-Булак - Миң-Жыгач каттамы жабылган. Ынтымак айылында эки үйдүн короосун суу каптаган. Селдин кесепетин жоюуда ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгынан тиешелүү кызматкерлер жана техника иштеп жатышканы кабарланды.

Мындан тышкары Ош облусунун Алай районунун Үч-Коргон — Дароот-Коргон жолун суу каптап, жол убактылуу жабылган. Ош — Сары-Таш — Эркечтам жолунун бир нече жеринде сел агындылары жолду бөгөп калгандыктан, кыймылга убактылуу чектөө киргизилгени, тазалоо иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 12-июлга чейинки аралыкта туруксуз аба ырайы жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам тоолуу аймактарда, тоо этектеринде сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертүүдө.

Министрликтин маалыматы боюнча, быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG