Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Эстония Орусия менен чек арасына 600 бункер курат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эстония Орусия менен чек арасына коргонуу тилкесин түзүп, бетондон 600 бункер курууну чечкенин өлкөнүн улуттук телерадиокомпаниясы ERR билдирди. Курулуш иштери 2025-жылы башталат деп пландалды.

«Биз бункердин үч түрдүү прототибин даярдап бере турган компания менен келишим түздүк. Аларды сентябрь айында сынап баштоону пландап жатабыз. Сыноолордон кийин биз келечекте бункерлердин кандай түрү колдонуларын тандай алабыз», - деди Коргоо инвестициялык мамлекеттик борборунун инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Кади-Кай Колло. Ал ар бир бункер 155 миллиметрлик гаубица снаряды менен аткыланып, сыналарын айтты.

Коргоо тилкесинде танкка каршы тосмолор жана тикенек зым тосмолор да болот.

Буга чейин Эстониянын Коргоо министрлигинин кеңешчиси Кайдо Тиитус бункерлер тилкеси Орусиянын Ленинград жана Псков облустары менен чектешкен аймактарга орнотуларын айткан. Ар бир бункер 10го чейин аскер кызматкерине ылайыкташкан жана 152 миллиметр калибрлүү снаряддын тике соккусуна туруштук бере ала тургандай болот. Алардын курулушуна болжол менен 60 миллион евро сарпталат.

Эстониянын мындай коргоо демилгесине коңшу өлкөлөр Литва менен Латвия да кошуларын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG