Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:00

Орусияга учуп барган ондогон тажик жараны аэропорттон кайра кайтты


Москва.
Москва.

Орусияга учуп барган тажик жарандарынын дагы бир тобу өлкөгө кире албай, артка кайтканын бүгүн 8-июлда «Азаттыктын» тажик кызматы («Озоди радиосу») жазды.

Москвага Бохтар шаарынан учуп барган ондогон тажикстандык мигрант «Шереметьево» аэропортунда беш күн өткөргөнүн, Орусиянын аймагына кирүүгө урукстан берилбегенин өзүлөрү айтып беришти.

Алардын айтымында, Москвага 3-июлда учуп барышкан, бирок чек арачылар өткөрбөй коюшкан.

«Багажыбызды да бербей коюшту, ичинде нан жана бир аз тамак-ашыбыз бар эле. Аэропорттон сууну жана шоколад батондорун кымбат баага сатып алып турууга мажбур болдук. Учуп барган жалпысынан 200 чакты киши болчу, ошолордун арасынан Тажикстандын жарандарын гана киргизбей коюшту», - дешти алар.

Үйүнө 8-июлда гана кайтканын билдирген мигранттар аларды эмне үчүн өткөрбөй койгонун орусиялык кызматкерлер түшүндүрбөгөнүн белгилешти.

Быйыл жазында Москвада «Крокус Сити Холл» борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган. Ошондон бери тажик жарандарынын Орусияга кирүүсү кыйындады. Май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элин азырынча Орусияга барбай кое турууга чакырган. Учуп барып, бирок кайра мекенине кайтарылгандар буга чейин да болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG