Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:13

Пакистанда таасирлүү саясатчылардын биринин өлүмү иликтенүүдө


Маркумду акыркы сапарга узатуу.
Маркумду акыркы сапарга узатуу.

Пакистанда мурдагы сенатордун жана аны коштоп жүргөн төрт кишинин өлүмү иликтенип жатканын “Машаал” радиосу билдирди. Окуя 3-июлда өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында болгону, алар жарылуудан мерт кеткени кабарланды.

Бажаур округунун полициясынын маалыматына караганда, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Хидаятулла Хандын автомашинасы кооптуу деп эсептелген Дамадола районунда кол салууга кабылган. Баштапкы маалымат боюнча, аралыктан башкарылуучу бомба жарылган. Өзү жана жанындагы эки күзөтчүсү, эки үй-бүлө мүчөсү ошол жерден мерт кеткен.

Кол салууга жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Хидаятулла Хан 2018-жылы Сенатка шайлангандан кийин Пакистандын Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынын мүчөсү болгон. Ал өлкөдөгү саясий жактан таасирлүү үй-бүлөлөрдүн биринин өкүлү, агасы Шаукатулла Хан буга чейин Хайбер-Пахтунхва провинциясынын губернатору болгон.

PTI партиясынын негиздөөчүсү, өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы, азыркы тапта коррупция деген айыптын негизинде түрмөдө отурган Имран Ханга дагы бир топ айып тагылып, камак мөөнөтү жалпысынан 31 жыл болуп узартылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG