Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:39

Садыр Жапаров ШКУнун ичинде соода тоскоолдуктарын кыскартууга чакырды


Садыр Жапаров ШКУнун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынында. Астана, Казакстан. 4-июль, 2024-жыл.
Садыр Жапаров ШКУнун мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынында. Астана, Казакстан. 4-июль, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында лидерлер кабыл алып жаткан "Адилеттүү тынчтык жана ынтымак үчүн дүйнөлүк биримдик жөнүндө" демилгесин кубаттады.

Жапаров ошондой эле ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин "Ынак коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк принциптери жөнүндө" билдирүүсү жөнүндө сөз кылып, ал уюмдун туруктуу, коопсуз жана гүлдөп-өнүккөн аймагын курууга болгон жалпы умтулууну толугу менен чагылдырарын белгиледи.

Кыргыз президенти сөзүндө соода-экономикалык байланыштар маселелеринде өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелер экономикалык глобалдашуу шартында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу экономикалык жана финансылык бакубаттуулугунун негиздеринин бири болуп саналарына басым жасады.

Садыр Жапаров ачык экономиканы калыптандыруу жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө максатында ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды. Ал кыргыз тарап ШКУ Өнүктүрүү банкы жана ШКУ Өнүктүрүү Фонду сыяктуу долбоорлорду каржылоо үчүн атайын институтту түзүү зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны 4-июлда Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат. Ага Казакстандын, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Беларустун, Монголиянын, Азербайжандын, Катардын, Түркиянын лидерлери жана өкмөт башчылары катышууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 3-июлда Казакстанга барды. Жапаров жыйындын алдында Астанада Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG