Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

3-июль: мурдагы эксперт Карабаев кармалды, Кытай менен Орусия дрон чыгара баштады


Жоомарт Карабаев
Жоомарт Карабаев

3-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев кармалды

УКМК мурдагы илимий кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып койду. Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазып, Карабаев 2-июлда атайын кызматка сурак бергенден кийин кармалганын билдирди. Эми бөгөт чарасы каралат. Карабаев Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Жогорку сот активист Зарина Төрөкулованы абакта калтырды

Төрөкулованын жактоочусу Акмат Алагушев тергөөдө жана сотто активистке коюлган айып далилденбегенин, ага карабай сот аны күнөөлүү деп тапканын айтты. 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыратып, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен абактан бошоткон.

Украина: Днепрде Аза күтүү күнү жарыяланды, Зеленский абадан коргонууга жардам сурады

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагында Орусиянын кеминде беш кишинин өмүрүн алган кезектеги ракеталык чабуулунан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөө, алыска жетер курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырды.

"Кыргызнефтетрейдерлер": Вагондордун жаңы тобу келди, автогаз тартыштыгы жоюлат

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы Орусиядан жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү 3-июлга караган түнү Бишкекке келип түшкөнүн билдирди. Ассоциациянын президенти Канат Эшатов "Азаттыкка" ырастагандай, жаңы партия бир компанияга таандык. Ишкана автогаздардын топтомун түнү менен жана бүгүн күндүз май куюучу бекеттерине таратып жатат. 25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр түгөнсө, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган. Ушул күндөрү көпчүлүк жерлерде күндүз газ куюлбай, негизинен түнкүсүн куюлуп жатат. Кезек азайганы менен, дале бар.

Тажикстанда банкирдин өлүмү үчүн соттолгон ИИМ кызматкеринин апасы 13 жылга кесилди

Тажикстанда полициянын мурдагы жогорку кызматкери, банк жетекчисинин орун басарынын өлүмү үчүн былтыр өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген Дилшод Саидмуродовдун апасы коррупцияга айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылганын “Азаттыктын” тажик кызматы 2-июлда Жогорку сот менен байланышы бар кеминде эки булактын маалыматына таянып жазды. Сот жабык өткөнү, андан тышкары дагы үч кишиге ири өлчөмдө айыппул салынганы кабарланды.

Кыргызстан эки жарым айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тартты

Кыргызстандын түрдүү аймактарында быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 236 жолу сел болуп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдиргени Министрлер кабинетинин сайтына жазылды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин эсебинде, селдин кесепетинен бир нече чакырым жол, тогуз көпүрө бузулуп, анын бири толугу менен талкаланды.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Анапияевдин бир тууганы кармалды

“Алдамчылык” фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалды. Маалыматта айтылгандай, Анапияевдердин чоңу жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, “ДСШ” үлгүсүндөгү көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасыy 1,6 сомдон) сатууга убада берип, алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен. Кийин ал убадасын аткарбай, ар кандай шылтоолор менен алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Bloomberg Кытай жана Орусия чогуу дрон жасоого киришкенин жазды

Кытайдын жана Орусиянын компаниялары биргелешип Ирандын Shahed согуштук дронуна окшош чабуул коюучу учкучсуз учак моделин иштеп чыгууга киришкенин 2-июлда Bloomberg басылмасы бул тууралуу кабардар болгон европалык аткаминерлерге таянып жазды. "Компаниялар 2023-жылы ирандык Shahed учкучсуз учагын көчүрүп алуу максатында кызматташуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана Орусияга жөнөтүүгө даярдык алкагында быйыл анын тест версиясын иштеп чыгууда", - деп жазды басылма.

Дагестанда никабга убактылуу тыюу салынды

Орусиянын курамындагы Дагестан республикасында никаб кийүүгө убактылуу тыюу салынды. Муфтияттын Телеграм-каналындагы маалыматта айтылгандай, мындай чечим фатва бөлүмүнүн корутундусунун негизинде кабыл алынды. Муфтияттын фатва бөлүмү никабга толук тыюу салууга жетиштүү негиз жок экенин, бирок коопсуздук маселесинен улам локалдуу негизде тыюу салса болорун билдирген.

Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Көк бөрү федерациясынын президенттигине Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды. Курманкул Зулушев бул орунга 19-апрелде келген. Ал июнь айынын башында башкы прокурор кызматынан да кеткен.

Сүттүн баасын жөнгө салуу үчүн тарифтик график киргизилет

Графикте көрүнүп тургандай, эгерде сүттүн майлуулугу 3,4% болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Анда ортомчулар калктан сүттү 30 сомдон алууга милдеттүү болот. Башка учурларда нарк сүттүн майлуулугуна карай көтөрүлөт же төмөндөйт.

Иранда өлүм жазасына соттолгон окумуштуунун жубайы швед өкмөтүнө нааразылыгын билдирди

Швециялык окумуштуу, теги ирандык, Иранда өлүм жазасына соттолгон Ахмадреза Жалалинин жубайы Вида Мехранния Швециянын тышкы иштер министри менен күйөөсүнүн ишин талкуулаган жолугушуудан кийин "ындыны өчкөн" абалда калганын билдирди. Ал швед өкмөтүн өткөн айдагы туткун айырбаштоого Жалали кошулбай калганы үчүн кескин сындады.

Караколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. УКМК 21-июнда Баткенде "Мариям" аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныктаган. Атайын кызмат 13-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында медресе мыйзамсыз иштеп жатканын аныктап, ишмердигин токтоткон.

Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган бангладештик жарандар тобу кармалды

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда Бангладеш Республикасынын 11 жаранын кармашты. УКМК билдиргендей, 21-майда да Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында да Бангладеш Республикасынын 46 жараны кармалган. Алар да миграциялык мыйзамдардын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.

Мугалим болууга тыюу салган оорулардын тизмеси талкууга коюлду

Министрлер кабинети Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин коомдук талкууга койду. Документке ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердик менен алектене албайт. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү жазылган, арасында коомдук тартипке каршы кылмыш жасагандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар бар. Министрлер кабинетинин токтом долбооруна оорунун 32 түрү жазылып, ошол дарт менен жабыркагандардын да мугалим болушуна жол берилбей турганы белгиленген.

Бостериде катуу жол кырсыгынан киши өмүрү кыйылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) маалыматына караганда, жол кырсыгы 2-июль күнү, таңга жуук, саат 7:10 чамасында болгон. Балыкчы - Каракол жолунун Бостери айылынын аймагында катуу ылдамдыкта бараткан "Мерседес-бенц" жана КИА-7 автоунаалары кагышып, "Мерседестин" жүргүнчүсү каза тапкан. Эки унаанын айдоочулары жана КИА-7 автоунаасынын жүргүнчүсү жаракат алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG