Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Тажикстанда банкир өлүмү үчүн соттолгон ИИМ кызматкеринин апасы 13 жылга кесилди


Сожида Саидмуродова жана Дилшод Саидмуродов.
Сожида Саидмуродова жана Дилшод Саидмуродов.

Тажикстанда полициянын мурдагы жогорку кызматкери, банк жетекчисинин орун басарынын өлүмү үчүн былтыр өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген Дилшод Саидмуродовдун апасы коррупцияга айыпталып, 13 жылга эркинен ажыратылганын “Азаттыктын” тажик кызматы 2-июлда Жогорку сот менен байланышы бар кеминде эки булактын маалыматына таянып жазды.

Сот жабык өткөнү, андан тышкары дагы үч кишиге ири өлчөмдө айыппул салынганы кабарланды.

65 жаштагы Сожида Саидмуродованын жакындарынын айтымында, аны былтыр сентябрь айында кармап кетишкен жана “каржылык алдамчылык, жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз курулуш жүргүзүү, документ жасалмалоо жана сот адилеттигине бут тосуу” деген мазмундагы айыптарды тагышкан.

Быйыл март айында Тажикстандын Жогорку соту анын уулу, Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгында иштеген Дилшод Саидмуродовду жана дагы төрт кишини Борбор Азия аймагы боюнча эң бай банкирлердин бири Шохрат Исматуллоевдин уурдалып өлтүрүлүшү үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. Дагы он киши ар кандай мөөнөткө соттолгон.

Orienbank банкынын төрага орун басары Исматуллоевди 2023-жылы июнь айында уурдап кетишкен, сөөгү август айында табылган.

Бул кылмышка шектелгендердин дагы бири Рустам Ашуров 2023-жылдын июль айында Молдовада ооруканада каза болгон. Ал Кишинев аэропортунда эки коопсуздук кызматкеринин өлүмүн алган атышууда полициянын огунан жараат алган. Молдова бийлиги Ашуров тууралуу ал Тажикстандын Ички иштер министрлигинде жети жыл иштеген, кылмыш жасап, кызматынан алынган киши деген маалымат тараткан.

Исматуллоевдин өлүмүн иликтеген тергөөчүлөр кылмышкерлер аны уурдап кетип, акча талап кылып, кыйнашканын билдиришкен.

Борбор Азиядагы авторитардык өлкө аталган Тажикстандагы эң ири каржылык жеке мекеме Orienbank президент Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин «Озоди» радиосуна бир нече булак тастыктаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG