Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Чүй облустук сотунун эки судьясы кармалганы кабарланды


Соттун кесиптик аспабы. Иллюстрациялык сүрөт.
Соттун кесиптик аспабы. Иллюстрациялык сүрөт.

Kaktus.Media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаганын маалымдады.

Медиа мындан сырткары дагы бир судья кармалып, ал кийин коё берилгенин жазды.

УКМК азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Жогорку соттун басма сөз кызматы буга байланыштуу журналисттерге берген комментарийинде судьялар кармалган-кармалбаганы тууралуу деталдуу маалымат берген жок. Ошол эле маалда анда интернетке чыккан маалымат төгүндөлгөн эмес.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот системасынын ичиндеги коррупциялык фактыларды айыптай турганын, өзүнүн маалымат жыйындарында дайыма “соттук корпуста булганган судьяларга орун жок” деп айтканы белгиленген. “Жогорку соттун жетекчилиги тиешелүү мамлекеттик мекемелердин коррупциялык көрүнүштөрдү түп орду менен жок кылуу боюнча бардык аракеттерин колдоого алат”, – деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 30-ноябрда “Кыргызстанда соттор өкүмдөрдү дагы деле акча алып чыгарарын баары билерин, УКМК паракор судьяларды кармаганга аракет кылып жатканын” айткан.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков системада таза эмес иштеген адамдар бар экенин 1-декабрда “Азаттыкка” курган маегинде мойнуна алган. Ал ошол эле маалда Конституция боюнча соттордун ишине эч ким кийлигише албай турганын билдирген.

Быйыл 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр судьяларга каршы 760 арыз түшүп анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы 8 судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткени маалымдалган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG