Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Кашмирде түрмөдөн качкан жыйырма чакты киши изделүүдө


Кашмир. Архивдик сүрөт.
Кашмир. Архивдик сүрөт.

Гималай аймагындагы Кашмир өрөөнүндө түрмөдө отурган 18 киши абактан качып кеткенин, арасында оор кылмышы үчүн өлүм жазасына жана өмүрүнүн аягына чейин камалгандар бар экенин бүгүн 1-июлда Associated Press (AP) маалымат агенттиги билдирди.

Алардын бири, соңку маалымат боюнча, атып өлтүрүлдү.

Кээ бир кабарларда качып кеткендердин саны 19 киши экени айтылууда.

Камакта отургандардын биринин колуна тапанча тийгени, ал күзөт кызматкерин коркутуп, камералардын ачкычын тартып алганы кабарланды.

Азыркы тапта, жергиликтүү полиция башчысы Риаз Мугал билдиргендей, жапырт качкан кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат. Түрмө башчысы жана бир катар жооптуу кызматкерлери иштен алынды, айрымдары сурак үчүн камакка алынды.

Мугалдын айтымында, качкандардын алтоо өлүм жазасына соттолгондор, үчөө өмүрүнүн аягына чейин кесилгендер.

Окуя Кашмирдин Пакистан тарабындагы Равалакот шаарындагы абакта болду. Кашмир Пакистандын жана Индиянын ортосундагы чек ара тилкесинде жайгашкан талаштуу аймак. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG