Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөттү


Сел баскан үйлөрдүн короолорун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тазалап жатышат.
Сел баскан үйлөрдүн короолорун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тазалап жатышат.

Ноокаттагы селден жабыркагандар үчүн Казакстан гуманитардык жардам жөнөттү. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кошуна өлкөдөн азык-түлүк жана тиричилик буюмдары салынган учак 1-июлга караган түнү келди. Гумжардам качан жана кандай шартта бөлүштүрүлөрү тууралуу азырынча маалыма берилген жок.

Ош облусунун Ноокат районунда 28-июндагы селде бир үй-бүлөдөн тогуз киши набыт болду. Дагы бир адам изделүүдө. Көз жумгандардын төртөө казакстандыктар. Табият кырсыгынан улам райондо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Ош-Баткен жолундагы көпүрө бузулуп, автоунаалар айланма жолдон каттап жатышат.

30-июндагы селде Кара-Кулжа районунда үч адамдын өмүрү кыйылып, бир киши дайынсыз болууда.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунда беш жашар бала селге агып каза тапкан. Жалал-Абаддын Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан болушу мүмкүндүгүн, тоолуу аймактарда сел коркунучу бар экенин эскерткен. (SE)

XS
SM
MD
LG