Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:20

Үч округдагы шайлоо: саат 18:00гө карата 15% шайлоочу добуш берди


Добушканалардын бири. Архив сүрөт.
Добушканалардын бири. Архив сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саат 18:00гө карата үч округдагы шайлоодо шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат жарыялады. Анда жалпы 311 миң 363 шайлоочунун 47 миң 835и (15,36%) добуш берди.

Ноокат шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 19 миң 546сы (21,47%), Свердлов шайлоо округу боюнча 122 миң 975 шайлоочунун 12миң 771и (10,39%), Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 миң 331 шайлоочунун 15 миң 518и (15,94%) добуш берди.

Бүгүн, 30-июнда саат сегизден баштап №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо башталган. Добушканалар саат 20:00дө жабылат.

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышууда. Алардын экөө аялдар. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазып, БШК 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Боршайком 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышевдин депутаттык мандатын өзү жазган арыздын негизинде алган.

№29 Свердлов округунан 2022-жылдагы шайлоодо депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Абдурахманхажи Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. Ал БШКнын чечимине каршы сотко арызданган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG